ЖӨРГӨМ ӨРҮМ |
Өрүм аракети көккө байланышат. Буга кийиктин териси табылгыс жердик. Ал тегиз да, бышык да келет. Анан торпок менен тайдын терисинен көк жасалат. Тайдын териси тегиз болгону менен андан торпоктуку бышыктык кылат. Терини чылгый кезинде чиритпей жыдытып алат. Теринин узунун чыгарып (илгери түз жерге, азыр тактай бетине керет), катуу керип, ошол боюнча кургатып коет. Мында теринин туурасын катуу чойбой тегиздеп алат. Көктү тиле билүү, аны сыдыргыга салуу, кыртышын кыруу — мына ушулар өрүм талдарынын кынаптала түшүшүнө өбөлгө түзөт. Ансыз өрүмдөгү көк менен кайыш алжайып калат. Көктүн майдараак болушу өрүмдү кооз көрсөтөт. Эң мыкты эски үлгүлөрдү таасын жасоонун өзү чоң чеберчилик, ал бирөөлөрдүкүн кайталоого жатпайт. Демек, шарттуу кайталоо да оңой кылдаттык эмес. Камчы өрүмүн «Суйсалма өрүм» кылып өрүүдө сегиз тал кайыш тилип, талдары сыйда алар экиден басылып, бири үстүнө чыгып отурат. «Түшкүн» аягын «чаян» түйүм кылып, өрүмдүн учу беш см. калганда тал көктөр бирден астына калып, бирден үстүнө чыгып, «суйсалма өрүм» башка түспөлгө өтөт. Андай ыкма кийин түшкүн жанып кетпөөсү үчүн болгон чеберлер ойлоп тапкан айлакердиги. |
Найти все переводы слова "ЖӨРГӨМ ӨРҮМ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "ЖӨРГӨМ ӨРҮМ"?
Ввойти