Найдены по другим направлениям
-
БУРКАН
-
БУРКАН — топоним. Кытай, калмактар башта басып алган ата-журтун кыргыздар бошоткондо, калмактын айрым бөлүктөрү качып барып жашынып, бурканынан жардам сураган жер. Ошондон тартып ошол жер Б. аталып калган (Кол жазмалар фондусу, 576-инв.). Географиялык реалияда Кочкор өрөөнүндөгү жайлоо.
-
БУРКАН
-
БУРКАН — эпосто калмак-кытайларда колодон жасалган кудайынын (идол) сөлөкөтү. Б-га сыйынат, аны олуя кудай катары көрүшөт. «Манас» эпосунда да ушундай мааниде чагылдырылган: «Калмакча динге кирди дейт, Жүк бурчунда бурканын Кудайым деп жүрөт дейт» (Саякбай Каралаев, 1. 108).
-
БУРКАН
-
БУРКАН — эпизоддук кейипкер, калмак калдайы. Текес кандын өлгөнүн угуп кол курай баштаган Орго канга жыйырма миң колу менен келип кошулат (Сагымбай Орозбаков, 2. 72, 77).