|
Гарантии магатэ
|
|
АКЭА КЕПИЛДИГИ – ядролук кубатты чарбачылыкта пайдалануу иштерин ядролук курал, ядролук жардыруу түзүлмөсүнө ж. б. согуштук багытка бурулушуна жол бербөө максатында ядролук куралга ээ болбогон мамлекеттердин ядролук ишмердүүлүгүнүн үстүнөн жүргүзгөн Атом кубаты боюнча эларалык агенттигинин (АКЭА ) көзөмөлү. Ал Ядролук куралды таркатпоо жөнүндөгү 1968-жылкы келишимге ылайык, атайын макулдашуулар аркылуу жүргүзүлөт.
|