Меню
Эл-Сөздүк

тамак

тамак (азык), тамагы,
тамакка
тамак-аш
тамак-аштуу

тамак

тамак (кекиртек), тамагы, тамакка
тамагы бузук
тамагы жаман
тамагы кургоо
тамагы майлуу

тамак

I зат. Адамдын, айбандардын, өсүмдүктөрдүн өсүү, өнүгүү, жашоо шартына зарыл түрдө керектелүүчү, азык болуучу заттар. Дасторкон жайылып, анын бети түрдүү тамакка толду (Байтемиров). Бышылуу тамактын күйүтү жаман (макал).
ТАМАК II зат. Ооз көңдөйү менен кызыл өңгөчтүн туташкан жери, алкым. Ал кетип, тамак кургап турган чакта, Кандырган кайрыкерим дагы ушул суу (Аалы).
Тамагы жаман — тамаксоо, тамак ичип-жегенди абдан жакшы көргөн, тамак жагына келгенде чыдап тура албаган. Тамагы жаман уулуң кымызды сагыныптыр (Сыдыкбеков). Арам тамак — жатып ичер, даяр оокатка көнгөн. Калган койду санагыла, жер жуткан арам тамактар (Аалы). Кыл тамак — тамакты абдан аз ичкен, тамакты ылгап ичкен.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: