Найдены по другим направлениям
-
сүт
-
I зат. 1. Балдарын тамактандыруу үчүн аялдардын жана сүт эмизүүчү айбандардын ургаачыларынын эмчегинен чыгуучу ак түстөгү азыктык зат. Козусунда сүткө тойбогон токтусунда түрткөнүн койбойт (макал). Бээнин сүтү. Уйдун сүтү. Эне сүтү. - 2. Кай бир өсүмдүктөрдөн же анын мөмөсүнөн чыгуучу ак түстөгү суюктук, суюк маңызы. Гозолордун ак гүлдөрү ачылып, Апийимдин сүтү таамп чачылып (Осмонкул).
- 3. Сабагынан, жалбырагынан сүт чыккан айрым өсүмдүктөрдүн аттарын түзүүдө колдонулат. Сүт тикен. Сүт куурай.
♦ Эне сүтүн актоо — энеси, эл-журту ыраазы болгудай кызмат өткөрүү, эмгек сиңирүү, эрдик көрсөтүү. Күрөшүп силер менен жан беремин, Антпесем кантип актайм эне сүтүн! (Турусбеков). Ата-журт кызматына жанды берип, Айланам, ак сүтүмдү актап кеттиң! (Бөкөнбаев). Сүттөн ак — таза, күнөөсү жок, эч күнөөсүз, жаман ою жок. Мезгилсиз кеткен уулумдун ниети сүттөн ак эле, сага жамандык ойлочу эмес эле (Абдукаримов). Элик сүтүн берүү — өзү төрөп, өзү эмизбесе да өз баласындай кылып асыроо, багып өстүрүү. Алым — Айшанын элик сүтүн берип баккан баласы. Оозунан сүтү кете элек — али жаш, тажрыйбасы жок, быша элек. Ойронум абам барында, Оозуман сүтүм кете элек («Эр Табылды»). Эне сүтүн оозуна татытуу — көрбөгөндү көргөзүү, сазайын берүү. Эне сүтүн оозуна татытып, суй жыгуучу (Убукеев). Бөдөнөнүн сүтү — арак, ичкилик. Бөдөнөнүн сүтүнөн да анча-мынча жутушту (Абдукаримов). Сүт бото — сүт эмген, энесинен бөлүнө элек бото.
СҮТ II зат. Алган карызды төлөгөндө ээсине (сүткорго) үстүнө кошуп берилүүчү пайда, карыздар аркылуу туудурулган процент. Сүткө берүү. Сүтү мынча болот деп карыз берүү — сүткорлукка жатат.
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
сүт