Меню
Эл-Сөздүк

сүт

сүт, сүтү, сүттү
сүт азыктары
сүт азыктарын иштеп
чыгуу
сүт акы
сүт аралашмалары
сүт ашканасы
сүт бото
сүт-камыр
сүт кислотасы (хим.)
сүт өнөр жайы
сүт тартуу
сүт тикен
сүт уйку
сүт шербет
сүт эмүүчүлөр
сүткө тийген күчүктөй
сүттөн ак
сүттүн майлуулугу
сүтүн ак кылуу
сүтүн кечүү

сүт

I зат. 1. Балдарын тамактандыруу үчүн аялдардын жана сүт эмизүүчү айбандардын ургаачыларынын эмчегинен чыгуучу ак түстөгү азыктык зат. Козусунда сүткө тойбогон токтусунда түрткөнүн койбойт (макал). Бээнин сүтү. Уйдун сүтү. Эне сүтү.
  1. 2.                  Кай бир өсүмдүктөрдөн же анын мөмөсүнөн чыгуучу ак түстөгү суюктук, суюк маңызы. Гозолордун ак гүлдөрү ачылып, Апийимдин сүтү таамп чачылып (Осмонкул).
  2. 3.                  Сабагынан, жалбырагынан сүт чыккан айрым өсүмдүктөрдүн аттарын түзүүдө колдонулат. Сүт тикен. Сүт куурай.

Эне сүтүн актоо — энеси, эл-журту ыраазы болгудай кызмат өткөрүү, эмгек сиңирүү, эрдик көрсөтүү. Күрөшүп силер менен жан беремин, Антпесем кантип актайм эне сүтүн! (Турусбеков). Ата-журт кызматына жанды берип, Айланам, ак сүтүмдү актап кеттиң! (Бөкөнбаев). Сүттөн ак — таза, күнөөсү жок, эч күнөөсүз, жаман ою жок. Мезгилсиз кеткен уулумдун ниети сүттөн ак эле, сага жамандык ойлочу эмес эле (Абдукаримов). Элик сүтүн берүү — өзү төрөп, өзү эмизбесе да өз баласындай кылып асыроо, багып өстүрүү. Алым — Айшанын элик сүтүн берип баккан баласы. Оозунан сүтү кете элек — али жаш, тажрыйбасы жок, быша элек. Ойронум абам барында, Оозуман сүтүм кете элек («Эр Табылды»). Эне сүтүн оозуна татытуу — көрбөгөндү көргөзүү, сазайын берүү. Эне сүтүн оозуна татытып, суй жыгуучу (Убукеев). Бөдөнөнүн сүтү — арак, ичкилик. Бөдөнөнүн сүтүнөн да анча-мынча жутушту (Абдукаримов). Сүт бото — сүт эмген, энесинен бөлүнө элек бото.
СҮТ II зат. Алган карызды төлөгөндө ээсине (сүткорго) үстүнө кошуп берилүүчү пайда, карыздар аркылуу туудурулган процент. Сүткө берүү. Сүтү мынча болот деп карыз берүүсүткорлукка жатат.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: