Меню
Эл-Сөздүк

сапар

зат. Жол, саякат. Алыска сапар жол жүрсөң Асемдүү жолго ат жакшы (Тоголок Молдо). [Чоро] Сапарынын узактыгын ойлоп, жол азык алмак болду (Каимов).
Келбес сапарга кетүү — өлүү, дүйнөдөн кайтуу. Сапар тартуу же сапар чегүү — жолго чыгуу, жол жүрүү. Ушул сапар же бул сапар — ушул жолу, ушул ирет. Бирок бул сапар [Жапар] чыдап тура алган жок (Баялинов). Сапары каруу — бара турган жерине жакындоо, жетүү.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: