Меню
Эл-Сөздүк

дасторкон

дасторкон (тасторкон
эмес)
дасторкону кенен
дасторкону тар

дасторкон

зат. 1. Тамак ичерде тамак-аштын алдына жая салуу үчүн атайлап жасалган төрт чарчы материал. Алдыга дасторкон жайылып, үстүнө түркүм даам салынды (Жантөшев).
2. өт. Тамак-аш, даярдалган оокат; тойго же өлгөн адамга куран окутууга алып барылуучу тамак-аш, оокат. Дасторконго бата кылуу. Майрамдык дасторконду кандайча жасасак болот? («Кыргызстан аялдары»). Тойго алып барар дасторконуңузга кошуп коюңуз деп, Шарше үч бөтөлкө ала кетти («Чалкан»). Атасына дасторкон кылып бара элекпиз деп, Зарыл уялып жүргөн болчу («Ала-Тоо»).
Жайыл дасторкон — кенен, кең пейил, берекелүү, март. Кайназар мындайыраак жерден келген «жакшыларга» жайыл дасторкон (Жантөшев).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: