Меню
Эл-Сөздүк

Арыз

АРЫЗ – жарандын (бирнече адамдын) мамлекеттик органдарга же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына, уюмдардын администрациясына же кызмат адамына, даттануудан айырмаланып, өз укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузууга байланышпаган, андай бузууну жоюу өтүнүчү жок, арыз ээсинин укук жана кызыкчылыктарын ишке ашырууга же уюмдардын ишиндеги кемчиликтерди жоюуга багытталган ырасмий кайрылуусу. А. жазуу жүзүндө жана оозеки берилиши мүмкүн. Аларды кароонун тартиби даттануу тартибин карагандай эле болот.

арыз

арыз (арс, арыс эмес)
арыз-арман
арыз-муң

арыз

зат. 1. Өтүнүч. Арыз жазуу. Арыз берүү.
  1. 2.                  Дат, даттаныш.

Арыз-арман же арыз-муң — кайгызар, орундалбай калган тилек. Тоголок арыз. к. тоголок.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: