Меню
Эл-Сөздүк

алакан

зат. 1. Колдун башынын салааларга чейинкн ички жазы жери. Мамбеткул жазы алаканы менен бырыштуу маңдайын ушалады (Абдумомунов).
  1. 2.                  Камчы сапты анын өрүлгөн жагы менен бириктирип турган жазы жери.
  2. 3.                  Ууктун кереге байлана турган жагындагы жазыраак жери. Ууктун алаканы.

 Алаканга салып багуу — алпечтеп, эркелетип багуу. Эл өзү алаканга салып баккан, Учурган жоо үрөйүн шеримди эстейм (Маликов). Алаканда тургандай — ачык, даана. Кур алакан же куру алакан — эч нерсеси жок, куру кол. Алакандын отундай к. от III.
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик саналакан
Көптүк саналакандар
Синонимдери
ууч
Байланыштуу сөздөр
алаканда
кол
кочуш
манжа
Жөндөлүшү - "алакан"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?алакан
Илик Кимдин? Эмненин?алакандын
Барыш Кимге? Эмнеге?алаканга
Табыш Кимди? Эмнени?алаканды
Жатыш Кимде? Эмнеде?алаканда
Чыгыш Кимде? Эмнеде?алакандан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?алакандар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?алакандардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?алакандарга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?алакандарды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?алакандарда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?алакандардан

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: