Меню
Эл-Сөздүк

декан

м.
декан (жогорку окуу жайында факультеттин башында туруучу киши, факультеттин жетекчиси).

Декан

ДЕКАН (лат. decanus , баштапкысы – 10 адамдын жетекчиси) – ЖОЖдогу факультет жетекчиси. Д. келишимдик-конкурстук негизинде 5 жылдык мөөнөткө, ЖОЖдун факультетинин профессордук-окутуучулар курамынын жалпы чогулушунда, илимий даражага ээ жана тийиштүү кесип менен дайардыктагы адистердин мүчөлөрүнөн жашыруун добуш менен шайланып, жетекчинин буйругу менен дайындалат. Д. факультетти баардык мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарында ж. б. уюмдарда өкүлчүлүк кылат; факультеттин кафедраларынын, лабораторияларынын ж. б. бөлүмдөрүнүн окуу, окуу-усулдук, илимий-изилдөөчүлүк, илимий-усулдук иштерине жетекчиликти жүзөгө ашырат, окуу жүрүмүнө, студенттердин практикалык иштеринин жүрүшүнө жана студенттердин арасындагы тарбиялык иштерге көзөмөл жүргүзөт жана КР мыйзамдарында жана ЖОЖдун уставында белгиленген иш милдеттерди аткарат.
Перевести через онлайн Переводчик

Мындан бөлөк Русском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(RU)


Мындан бөлөк тилдерде табылган ушундай сөздөр:

KG


Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:

KG
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: