Меню
Эл-Сөздүк

кеп

кеп I
ир.
1. слово, разговор;
кеп сал- или кеп айт- или кеп ур- говорить, заговорить;
жип кессең, - узун кес, кеп салсаң,- кыска сал погов. нитку (верёвку) режешь - режь длинно, речь говоришь - говори коротко;
кеп айтканда деп айтты или кеп салганда деп салды фольк. (стереотипное выражение в эпосе) когда взговорил, он так сказал;
кеп уруш- разговаривать, беседовать, калякать;
кеп урушуп олтурдук мы сидели и разговаривали;
албан түрдүү кеп айтып, булбул чечен сайрады фольк. говоря на разные лады, пел красноречивый соловей;
кептен кеп чыгып слово за слово;
бардык кеп ушу, башка сөз жок вот это и всё, больше говорить не о чем;
келер-кетер кеп разговор о том о сём;
жан кеп душевное слово;
эл оозуна кеп болду он стал предметом разговоров; о нём заговорил народ;
экинчи бир кептин башын чыгарды он намекнул ещё и на другой вопрос;
айткан кептин учуна чык- выполнить своё обещание;
кеп же- быть послушным; относиться с уважением к словам другого;
кеп жебей эле айтыша берет он спорит и спорит, совершенно не обращая внимания на то, что ему говорят;
кеп жебес неслух; несговорчивый;
кеп жебес кежир упрямый неслух;
кепке кел- соглашаться; соглашаться на уговоры; быть податливым;
кепке-сөзгө келбестен: - отур! - деди без всяких разговоров он сказал "садись!";
али кепке келе элек он пока ещё не согласился;
кепке да, эпке да келбеди на него ни уговоры, ни доводы не подействовали;
2. суть дела; серьёзный разговор;
шылдыңды коюп, кебиңди айт брось шутки, говори серьёзно;
кеп жалгыз анда эмес суть не только в том;
ооз менен айтуу кеп эмес, кеп кол менен бирдей иштөөчүлүктө говорить (об этом) легко, суть в том, чтобы выполнить (это);
душманымды күлдүрдүн, ошонуң жакшы кеп беле? фольк. моего врага ты насмешил (т.е. доставил врагу удовольствие), разве это хорошо?
кеп ойло- обдумать, поразмыслить;
анда Манас муну ойлоп, албан түрдүү кеп ойлоп фольк. тогда Манас вот это подумав, о многом-многом поразмыслив;
оозунан кеби түшкөн (с перепуга) он речи лишился;
мында бир кеп бар здесь что-то кроется, это неспроста;
мында бир аз кеп бар здесь есть маленькое "но";
кеп мына ошондо в том-то и дело;
кеп ошондо экен го! так вот в чём дело-то!;
мал кеппи! не в скоте дело!;
кеп эмес! чепуха!;
жуз жаш да кеп эмес и сто лет (возраст) - не предел;
эч кеп эмес ничего особенного, пустяки;
мунусу кеп эмес это он зря говорит;
болбогон кеп ерунда, чепуха;
кепте или кепте-сөздө или кеп-кеңеште жок или кеп-келечте жок (о человеке) он вышел в тираж; никчёмный, никудышный;
кеп-кеңештен чыгып кет- или кеп-кеңештен кал- потерять всякий авторитет;
ал кепте-сөздө бар с ним считаются; он пользуется авторитетом;
кеп айт- или кеп айттыр- склонять (женщину) к сожительству;
керүүдөгү талдайсың, кеп айттырсам, кандайсың? кебиме "макул" деп коюп, кечинде барсам, алдайсың фольк. ты подобна иве на склоне горы, ну как тебе моё предложение? на моё предложение ты соглашаешься, а когда я прихожу вечером, ты обманываешь;
кеп алып бер- быть посредницей в тайных любовных связях.
кеп II
1. форма; одежда; маска;
үйдүн кеби жакшы форма юрты хороша;
кеби кеткен чөнтөгүнө кол салды он сунул руку в рваный карман;
кеп жыгач сапожная колодка;
кеп куйгандай келише калды пришлось впору или к лицу;
бүркүт кеп или кеп баштык войлочная сумка для пойманной хищной птицы;
кеп чач нижняя часть алечек'а (см.; кладётся непосредственно на голову);
чач кеп или баш кеп южн. небольшой женский головной платок;
кеп сой- снять шкуру чулком;
эчкини кеп союп, терисин чанач кылды он снял с козы шкуру чулком и сделал бурдюк;
кеп сойдур- понуд. от кеп сой-;
каралуу кебин кийиптир фольк. она оделась в траурную одежду;
кеп дөңгөч пренебр. чурбак, одетый под человека;
кеп топу или кеп такыя см. топу, такыя;
2. чучело;
жаныбарлардын жана канаттуулардын кептери чучела животных и птиц;
бүркүттүн кеби чучело беркута.
кеп III
усиление к словам, начинающимся на ке;
кепкең широкий-широкий;
кепкенен просторный-просторный;
кепкенедей маленький-маленький, малюсенький;
кеңиптир, кепкең жолуңуз фольк. ещё шире стала ваша широкая-широкая дорога.
кеп- IV
(деепричастие кээп)
редко
подсохнуть, подвялиться.

кеп

кеп (сөз)
кеби суу кечпөө
кеби суук
кебин эки кылуу
кеп же-
кеп жебес
кепке жыгуу
кепке кемтик болуу
кеп-келеч
кеп-кеңеш
кеп-кеңешке алуу
кепке сараң
кеп-сөз
кеп-сөзгө келүү
кеп ук-
кеп ур-
кеп эмес

кеп

кеп (форма)
кеп жыгач
кеп керамика (иск.)
кеп кий-
кеп союу
кеп такыя
кеп төркүнү
кеп чач

кеп

II зат. 1. Сырткы кебете, калып, форма. Үйдүн кеби жакшы.
2. Кийим, маска. Ак куу кебин кийип алып учат экен ал кызыңыз (Сыдыкбеков). Кайырчы кебин кийген эме, Магазаны сынай карады («САЖИ»).
¨ Кеп жыгач — бут кийимдин калыбы. Кеп тон — таанытпас үчүн башкача кебете берүүчү кийим, форма. Каныкей берген кеп тонду Саралага кийгизди («Манас»). Коңурбайдын кеп тонун Алмамбет алып кийинип («Манас»). Кеп такыя к. такыя.

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)


Мындан бөлөк тилдерде табылган ушундай сөздөр:

RU


Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: