Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Мага котормо керек
КирүүКатталуу
Соц. тармактар аркылуу кирүү
<->
 
Яндекс переводчик <->
Сиздин котормолоруңуздун тарыхы:
 
 
Мурунку которуулар
Онлайн маалымат/котормолор
Online Котормочу
Найденные
Табылгандар/Натыйжа для - АЛДАЯР ӨРҮМҮ
 

АЛДАЯР ӨРҮМҮ

 
камчы өрүмү, татаал өрүмдүн түрү. (Илгери Ысык-Көлдүн «Чоң өрүктү» дегенинде Алдаяр аттуу адам ат жабдыктарынын чебери чыгат. Айрыкча анын татаал өрүмдөрүнө калк куштарланып, аны «Алдаяр өрүмү» деп аташат). Мында экиден тал көк сегиз кыр болуп түшөт. Бул «калмак өрүмгө» окшойт. Өрүм он көктөн турса, ал бештен эки жакка бөлүнөт да, бирден көтөрүлүп, бирден басылат да, он тал тең бөлүнүп, экиден көтөрүлүп, бирден басылат. Өрүмчүлөр жыйырма төрт көктүн ар бир үч талын бир тал менен бастырып өрөт. Эгер тилинген көк жоонурак келсе, үч талды экиден бастырып өрүү, эң эле сыйда көрүнөт. Демек, тал көктөр ичке жана көп болсо, муну үчтөн бастырат.
      Ал эми камчыдан жетимиш см. көктүн өрүмү (түшүнү) кырк смге барабар. Өрүмчүлөр көктүн узун-туурасын так өлчөп тилишет. Эгер өрүмдү отуз алты тал көк аркылуу жүзөгө ашырса, көк канчалык ипичке тилинсе да, түшкүн (өрүмү) ошончо жоон көрүнөт.


Хотите добавить свой перевод для слово: "АЛДАЯР ӨРҮМҮ"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru