Меню
Эл-Сөздүк

шире

Iзат. 1. Жемиштин же өсүмдүктүн таттуу маңызы, суюк заты. Кыштактын бак-дарагы дүпүйүп, андан келген жел эзиле бышкан алманын ширесин аңкытат (Айтматов). Жүзүмдүн ширеси.
2. Таттуулук, даам-татымдуулук. Ширеге түшө калар чиркин таңдай, Адамга таттуулугу балдын кандай (Шимеев).
3. Ширетилген, ширетип бириктирилген улама. Алтын менен күмүштүн ширесинен бүткөндөй («Манас»).
ШИРЕ II этиш. 1. Бири-бирине жабышуу, жабышып улануу, биригүү (эритип же кызытып ширетилген металлга карата).
2. Шыкалып толуп калуу, шыгырап толуу. Жол бирде кыян жүрүп, кум ширеген кургак сайга түшүп, бирде андан ийрилип чыга келет («Ала-Тоо»). Чечиндирип, чалкан менен сабатсын Тикен, ширеп, жүрөгүмдү канатсын (Үмөталиев).

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)


Мындан бөлөк тилдерде табылган ушундай сөздөр:

RU


Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: