-
шак
-
I зат. 1. Бактын бутагы. Эң сонун Москванын бир чоң багы, Ийилет ар кай жерде бактын шагы (Үмөталиев). Кубулжуп булбул сайраса, Талдын көркү шагында (Жантөшев).
2. Сугаруу, суу жаюу үчүн салынган майда тармактуу арыктар.
♦Шагын сындыруу — көңүлүн калтыруу; уят кылуу. Кемпир кызды эч күнөөсүз жерден тилдегендей сезилди, шагын сындыра какканын жактырбадым («Ала-Тоо»). Таштанбек чал жүйөлүү сөзгө такалып, шагы сына түштү (Убукеев).
ШАК II зат. Бозо салуу, малга жем кылуу үчүн тегирменге тартылган таруу же башка эгин. Таруу шак. Жүгөрү шак.
ШАК III туур. 1. Урулуудан, кагылуудан чыккан кыска, ачык дабыш. Эшиктен чыга бергенде эле шак-шак эткен камчынын үнү угулду («Советтик Кыргызстан»). Ышкырды аяз чапчып, туман каптап, Боздодум дат айталбай тишим шак-шак (Бөкөнбаев). Кийин-кийин жаштык күндөрүңдү эстеп, алаканыңды шак коюп каласың (Бейшеналиев).
2. Тез, дароо, чукулунан; күтүлбөгөн жерден. Шак буруп тракторду айдап Эрмек, Алгандай эскиликтен өткөн өчүн (Бөкөнбаев). Сырткы каалганы ачкан кезде ылдыйкы этажга шак эле муздак аба кирет («Ден соолук»).
Негизги мүнөздөмөлөрү | |
---|---|
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | шак |
Көптүк сан | шактар |
Жөндөлүшү - "шак"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
---|---|
Атооч Ким? Эмне? | шак |
Илик Кимдин? Эмненин? | шактын |
Барыш Кимге? Эмнеге? | шакка |
Табыш Кимди? Эмнени? | шакты |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | шакта |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | шактан |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
---|---|
Атооч Кимдер? Эмнелер? | шактар |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | шактардын |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | шактарга |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | шактарды |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | шактарда |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | шактардан |
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
шак