Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Мага котормо керек
КирүүКатталуу
Соц. тармактар аркылуу кирүү
<->
 
Яндекс переводчик <->
Сиздин котормолоруңуздун тарыхы: Штаттык тизме тузаксыз таарынчаак
 
 
Мурунку которуулар
Онлайн маалымат/котормолор
Online Котормочу
Найденные
Табылгандар/Натыйжа для - чал
  • тузаксыз
 

чал

 
чал (картаң, абышка)
чал жыгар (этн.)
чал-кемпир
чал-чабыр

чал

 
I зат. Абышка, карыя, карып калган адам. Карабек лыпылдаган шайыр чалга карады (Каимов). Сакалдын көркү чалда бар, Сулуунун көркү калда бар (Токтогул).
Чал-чабыр — кары-картаң. [Чалкалмак] чал-чабырын жиберип, тандап алып калып Табылды менен кармашайын деди («Эр Табылды»).
ЧАЛ II сын. Буурул. Чал сакал. Чал куйрук.
ЧАЛ III этиш. 1. Күрөштө буту менен экинчи кишинин бутун илип жыгуунун аракетин жасоо, илиндирүү. Каарыма келе түштүм намыс кылып, Бир булкуп бастым жерге чалып туруп (Үмөталиев).
2. Жипти, узун тилке нерсени ж. б. имере ороо, оролто байлоо. Минип барган кара бээ, Мамысына чалды эле («Эр Төштүк»). Алты жаак айбалта, Билекке кынай чалды эми («Манас»).
3. Союу; жара тартуу. Арбагына Манастын Ак боз бээни чалды эми («Манас»). Кайран балбан өзүңдү Каман чалып өлтүрдү (Токтогул).
4. Байкоо, көрүү, чалгындоо. [Жолой] күндүзү бийик кырга, чокуларга чыгып, жол чала баштады (Жантөшев). Алдыртан чалып, айылдын сырын билип кайттым (Сыдыкбеков).
5. Оттоо. Аттардын шартылдатып чөп чалганы, бышкырыгы, жүгөндөрүнүн шарактаганы күңүрт угулат (Абдукаримов).
6. Чалгыч же башка бир нерсе менен аралаштыруу, булгалап аралаштыруу. Сурма сыр аякка кымыз куюп талкандан чалды да, Карымшакка сунду (Байтемиров).
7. Комуз чертүү, чертиле турган инструментте ойноо. Келин-кыздын жанында Келтирип комуз чалган кез (Токтогул). Толгоп, толгоп күү чалам, Толкундатып үн салам (Турусбеков).
8. Кабылуу, туш келүү, басуу; чулгап калуу, каптоо. Булбулум туткун болду деп, Элиңдин жүрөгүн кайгы чалган жер (Аалы). Таң серпилип, Жерди жарык чалды (Сыдыкбеков). Чокуларын туман чалган кырка тоолор (Сасыкбаев).
Торой чалуу — буттун ич жагынан сыртын көздөй чалуу. Коюн колтук алуучу, Толорсугун тайдырып, Томуктан торой чалуучу (Тоголок Молдо). Кулагы чалуу — угуу, угуп калуу. [Ашым] алды жакта кобурашкан үндөрдү, аттардын дүбүртүн кулагы чалды (Каимов). Тамашага чалуу — тамашага шоотуу, тамашага бурууСен сөзүңдү тамашага чалба,— деди ал, тигинин көңүлүң өзүнө буруп (Сыдыкбеков). Чалып сүйлөө — акцент менен сүйлөө, буруп сүйлөө. Кээ учурларда кай бир сөздү кашкарлыкча чалып сүйлөгөнүң кандай? (Жантөшев). Башкага чалуу — башкага буруу. Барган сайын энеси сөздү тереңдетип бараткандыктан Татыбек башкага чалды (Байтемиров). Чынга чалуу — чынга айлануу. Шылдыңдар барып чынга чалды (Турусбеков). Талкандай чалуу — чакчелекей түшүрүү, кандайдыр бир ишти баш аламан кылуу. Ак чалган, көк ала чалган — чачына же сакалына ак кирген, көк ала сакал болгон. Ал абышка ак чалган чачтарын жылтылдатып топучан (Сыдыкбеков). Ортончусу булардын көк ала сакал чалыптыр («Эр Төштүк»). Көтөрө чалуу — көтөрүп сүйлөө, мактоо. [Мурат] өзүн көтөрө чалып сүйлөгөнүн.. эки кыз тең байкашты (Байтемиров). Телефон чалуу — телефон уруу, телефон аркылуу сүйлөшүү. Зикир чалуу — 1) зикир айтуу; 2) өт. тынбай үн чыгаруу, бакылдоо. Түн сакчысы болгонсуп кандайдыр бир жактан зикир чалган бабыргандын үнү угулду («Ала-Тоо»).

чал-

 
чал-
чалган май
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санчал
Көптүк санчалдар
Синонимдери
аксакал
абышка
Антонимдери
кемпир
Байланыштуу сөздөр
телефон
аралаштыруу
чалуу
улуу
Жөндөлүшү - "чал"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?чал
Илик Кимдин? Эмненин?чалдын
Барыш Кимге? Эмнеге?чалга
Табыш Кимди? Эмнени?чалды
Жатыш Кимде? Эмнеде?чалда
Чыгыш Кимде? Эмнеде?чалдан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?чалдар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?чалдардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?чалдарга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?чалдарды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?чалдарда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?чалдардан

Найти все переводы слова "чал" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "чал"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru