Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - чал
 

чал

 
чал I
1. седой;
чал сакал имеющий бороду с проседью;
чал куйрук (о лошади) седохвостый;
чал баш аска перен. седоглавая скала;
2. (ср. карыя 1, абышка) старик;
кемпир-чалдар старики и старухи;
чалды-кемпир старик со старухой;
чал-чул см. чул;
чал жыгар сев. этн. свадебный обычай: пожилые родственницы невесты не выпускают её из дома родителей, требуя с отца жениха подарки (ср. айгыржыгар, см. айгыр).
чал- II
1. ударять сильным и резким ударом; дать подножку (в борьбе);
чалып жыкты он поборол, дав подножку;
"чамам келсе, чалсам" деп, "чалкасынан салсам" деп фольк. мол, если бы пришлось, ударил бы я (его), дав подножку, свалил бы навзничь;
чамасы келсе ушулар, чалганы жүрчү өзүмдү фольк. они при случае хотели сразить меня;
арстан алганына кубанбайт, чалганына кубанат погов. лев радуется не добытому, а сражённому (когда радует не трофей, а самый факт победы);
каман чалып өлтүргөн дикий кабан запорол;
2. захлёстывать;
канжыгага чал- приторачивать;
казык бош чалып байла- привязать прямым, растяжным узлом;
тегерете чал- обматывать (напр. кол верёвкой);
3. ист. резать (жертвенное животное);
ай туякка чал- зарезать в жертву лошадь;
ай мүйүзгө чал- зарезать в жертву корову;
айры өркөчкө чал- зарезать жертвенную верблюдицу;
4. осматривать, разведывать;
жол чалып кел- разведать путь;
конуш чалып кел- осмотреть стоянку;выбрать удобное для стоянки место;
кечүү чал- искать брод; выбирать удобное для брода место;
беттел душман келбеген, өндүрүн адам чалбаган фольк. (место, куда) враг не являлся, долину (которого) никто не разведывал;
5. играть (на ударном инструменте);
6. (о животном) щипать траву;
ат чалып алсын пусть лошадь пощиплет травы, пусть немного попасётся;
көк шиберден барт-барт чалып, айгыр оттоп турат жеребец пасётся, с хрустом пощипывая зелёную траву;
7. разбалтывая, подмешивать (напр. муку в жидкость, но не до густоты);
кымызга талкан чалып подмешав в кумыс толокна;
8. слегка касаясь, задевать;
бутанын өзүнө тийбей, чалып тийип жатышты (пули других) не попадая прямо в мишень, слегка задевали её;
мылтыгым оң жагына чалып тиет моё ружьё бьёт вправо;
көзү чалды ему бросилось в глаза; он заметил;
өтүп бара жаткан эки жөө кишини көзү чалды он заметил двух проходящих пешеходов;
суук көз чалбасын чтобы не коснулся недобрый взгляд;
ушундай табышмактуу сөздөрдү менин да ку-лагым чала калып жүрөт такие загадочные разговоры иногда доходят и до моего уха;
кайдагы балааны катындын кулагы чалат! чего только не услышит женское ухо!;
кызыл өңүн сур чалды фольк. его румяное лицо помрачнело (от гнева);
жүрөктү кайгы чалды на (его) сердце давит (горе);
кайгы чалган жүрөк горестное сердце;
ичин өрт чалды у него (от злобы) нутро загорелось;
бетин нур чалган его лицо посветлело;
орусча чалып сүйлөйт он говорит (напр. по-киргизски), сбиваясь на русский язык;
тамашага чал- обратить в шутку;
Адыл кебинин аягын тамашага чалды последние слова свои Адыл обратил в шутку;
сен сөзүңдү тамашага чалба ты не обращай свои слова в шутку; не прикидывайся, что пошутил;
карарган оозун заар чалды он скверно выразился;
күндүн мурду чалганда когда показались первые лучи солнца;
супу садык чалганда когда забрезжил рассвет;
телефон чал- позвонить по телефону.

чал

 
старик

чал

 
oldster

чал

 
[çal]
ihtiyar

чал

 
1. birisini ayakla çel;
2. kopuz çal (müzik aletiyle oyna).

чал

 
чал (картаң, абышка)
чал жыгар (этн.)
чал-кемпир
чал-чабыр

чал

 
I зат. Абышка, карыя, карып калган адам. Карабек лыпылдаган шайыр чалга карады (Каимов). Сакалдын көркү чалда бар, Сулуунун көркү калда бар (Токтогул).
Чал-чабыр — кары-картаң. [Чалкалмак] чал-чабырын жиберип, тандап алып калып Табылды менен кармашайын деди («Эр Табылды»).
ЧАЛ II сын. Буурул. Чал сакал. Чал куйрук.
ЧАЛ III этиш. 1. Күрөштө буту менен экинчи кишинин бутун илип жыгуунун аракетин жасоо, илиндирүү. Каарыма келе түштүм намыс кылып, Бир булкуп бастым жерге чалып туруп (Үмөталиев).
2. Жипти, узун тилке нерсени ж. б. имере ороо, оролто байлоо. Минип барган кара бээ, Мамысына чалды эле («Эр Төштүк»). Алты жаак айбалта, Билекке кынай чалды эми («Манас»).
3. Союу; жара тартуу. Арбагына Манастын Ак боз бээни чалды эми («Манас»). Кайран балбан өзүңдү Каман чалып өлтүрдү (Токтогул).
4. Байкоо, көрүү, чалгындоо. [Жолой] күндүзү бийик кырга, чокуларга чыгып, жол чала баштады (Жантөшев). Алдыртан чалып, айылдын сырын билип кайттым (Сыдыкбеков).
5. Оттоо. Аттардын шартылдатып чөп чалганы, бышкырыгы, жүгөндөрүнүн шарактаганы күңүрт угулат (Абдукаримов).
6. Чалгыч же башка бир нерсе менен аралаштыруу, булгалап аралаштыруу. Сурма сыр аякка кымыз куюп талкандан чалды да, Карымшакка сунду (Байтемиров).
7. Комуз чертүү, чертиле турган инструментте ойноо. Келин-кыздын жанында Келтирип комуз чалган кез (Токтогул). Толгоп, толгоп күү чалам, Толкундатып үн салам (Турусбеков).
8. Кабылуу, туш келүү, басуу; чулгап калуу, каптоо. Булбулум туткун болду деп, Элиңдин жүрөгүн кайгы чалган жер (Аалы). Таң серпилип, Жерди жарык чалды (Сыдыкбеков). Чокуларын туман чалган кырка тоолор (Сасыкбаев).
Торой чалуу — буттун ич жагынан сыртын көздөй чалуу. Коюн колтук алуучу, Толорсугун тайдырып, Томуктан торой чалуучу (Тоголок Молдо). Кулагы чалуу — угуу, угуп калуу. [Ашым] алды жакта кобурашкан үндөрдү, аттардын дүбүртүн кулагы чалды (Каимов). Тамашага чалуу — тамашага шоотуу, тамашага бурууСен сөзүңдү тамашага чалба,— деди ал, тигинин көңүлүң өзүнө буруп (Сыдыкбеков). Чалып сүйлөө — акцент менен сүйлөө, буруп сүйлөө. Кээ учурларда кай бир сөздү кашкарлыкча чалып сүйлөгөнүң кандай? (Жантөшев). Башкага чалуу — башкага буруу. Барган сайын энеси сөздү тереңдетип бараткандыктан Татыбек башкага чалды (Байтемиров). Чынга чалуу — чынга айлануу. Шылдыңдар барып чынга чалды (Турусбеков). Талкандай чалуу — чакчелекей түшүрүү, кандайдыр бир ишти баш аламан кылуу. Ак чалган, көк ала чалган — чачына же сакалына ак кирген, көк ала сакал болгон. Ал абышка ак чалган чачтарын жылтылдатып топучан (Сыдыкбеков). Ортончусу булардын көк ала сакал чалыптыр («Эр Төштүк»). Көтөрө чалуу — көтөрүп сүйлөө, мактоо. [Мурат] өзүн көтөрө чалып сүйлөгөнүн.. эки кыз тең байкашты (Байтемиров). Телефон чалуу — телефон уруу, телефон аркылуу сүйлөшүү. Зикир чалуу — 1) зикир айтуу; 2) өт. тынбай үн чыгаруу, бакылдоо. Түн сакчысы болгонсуп кандайдыр бир жактан зикир чалган бабыргандын үнү угулду («Ала-Тоо»).

чал-

 
чал-
чалган май
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числочал
Множ. числочалдар
Синонимы
аксакал
абышка
Антонимы
кемпир
Склонение по падежам - "чал"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?чал
Родительный Чей?чалдын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?чалга
Винительный Кого?, Что?чалды
Местный Где?, У кого?чалда
Исходный Где?, У кого?чалдан
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?чалдар
Родительный Чьи?чалдардын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?чалдарга
Винительный Кого?, Что?чалдарды
Местный Где?, У кого?чалдарда
Исходный Откуда?, От кого?чалдардан


Хотите добавить свой перевод для слово: "чал"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru