-
там
-
I зат. Киши турууга, мал же башка үй айбандары үчүн дубалдары кыштан же топурактан тургузулуп жасалган үй. Там үй. Уй там. Тоок там.
♦ Там-таш — үй жана короо-жай. Жамгыр түн ортосунда там-шашты дыбырттатып сабап кирди (Бейшеналиев). Элдин баары там-ташын оңдоп, жаңы үйлөр салууга киришти (Бейшеналиев).
ТАМ II этиш. Тамчы түрүндө үзүлүп-үзүлүп, бөлүнүп түшүү, тамчылоо. Мына-мына тамчы турат тамганы (Аалы). Жаандын бүгүн жааганын карачы. Демейде тилеп жатса да бир таамп койбос эле (Байтемиров).
ТАМ III этиш. Тутануу, күйүү. Өчкөн отум тамгандай, Бир укмуш көзгө көрүндү (Жантөшев).
ТАМ IV: там-туң басуу — жаңыдан басайын деп аракеттенип, бут шилтөө, жыгылып-туруп, тамтаңдап басуу. Үсөн тамтуң басып келип, тизесин кучактай жыгылган кызын кайра тургузуп, көтөрүп алып төркү бөлмөгө жөнөдү (Таштемиров).
Негизги мүнөздөмөлөрү | |
---|---|
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | там |
Көптүк сан | тамдар |
Жөндөлүшү - "там"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
---|---|
Атооч Ким? Эмне? | там |
Илик Кимдин? Эмненин? | тамдын |
Барыш Кимге? Эмнеге? | тамга |
Табыш Кимди? Эмнени? | тамды |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | тамда |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | тамдан |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
---|---|
Атооч Кимдер? Эмнелер? | тамдар |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | тамдардын |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | тамдарга |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | тамдарды |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | тамдарда |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | тамдардан |
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
Мындан бөлөк тилдерде табылган ушундай сөздөр:
Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:
- там (ru-kg)
- Там есть кто-нибудь, говорящий по-английски? (ru-kg)
- Там есть электрические розетки? (ru-kg)
- там-сям (ru-kg)
- тамада (ru-kg)
- Таманду (ru-kg)
- тамаринд (ru-kg)
- Тамарины (ru-kg)
- Тамарины львиные золотистые (ru-kg)
- Тамарины с истинно оголенным л (ru-kg)
- Тамарины с оголенным лицом и х (ru-kg)
- тамариск (ru-kg)
- Тамароу (ru-kg)
- тамбур (ru-kg)
- тамбурин (ru-kg)
- тамга (ru-kg)
- Тамнары (ru-kg)
- Тамнобионты (ru-kg)
- Таможенная бандероль (ru-kg)
- Таможенная блокада (ru-kg)