Меню
Эл-Сөздүк

соору

зат. 1. Куймулчак менен эки жамбаштын үстү жак бөлүгү. Соорусу казандай. Жакып күдүңдөп жаш жылкынын башын, жонун, соорусун сылагылап, бутун кармап көрдү (Бейшеналиев).
2. Малдын жамбаш менен куймулчак арасындагы териси жана андан жасалган кайыш. Ат өлгөндө жамандар Соору керек болучу («Манас»). Чоң кисе жанда шалпылдап, Соору өтүк сууга чалпылдап («Эр Табылды»).
Жер соорусу — эн, жакшы жер, жердин мыктысы. Бул жарыктык Ысык-Көл, Жер соорусу турбайбы, Жердесе Ногой тунбайбы («Семетей»). Арык жок, айдагандын баары чыккан, Москва — соорусу экен бүтүн жердин (Үсөнбаев).

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)


Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: