Меню
Эл-Сөздүк

орто

орто
орто билим
орто дыйкан
орто жаш
орто жол
орто заар
орто кылым
орто мектеп
орто толкун (тех.)
орто толкундар (физ.)
орто тоо тектер геогр.
орто эмгек акы (экон.)
орто эсеп
ортого алуу
ортого салуу
ортого турма (оюн)
ортодогу от өчүү
ортосуна от жагуу
ортосуна от ыргытуу
ортосунан жел өтпөө
ортосунан от чыгуу

орто

зат. 1. Эки четинен алганда борборго жакын турган тең аралык, орун, борбор чени, эки нерсенин арасы. Бир топ кыздардын ортосунда малдаш урунуп Тарас да олтурду (Сасыкбаев). Мектеп кыштактын ортосунда. Эки шаардын ортосу.
2. Мезгилдин башталышы менен аякталышынын ортолугундагы убакыт. Кыш ортосу. Түн ортосу.
3. Ар кандай белгилери, өзгөчөлүгү ж.б. жагынан абдан жогору да эмес, абдан төмөн да эмес, чоң да эмес, кичине да эмес, жакшы да эмес, жаман да эмес ж.б.
4. сүйл. Бардыгына таандык, жалпы; көпчүлүк, колхоз. Өгүз, атты кошмок болдум ортого, «Айткан эле чарба малдан берели» (Аалы). Ортонун малын коротпой, Орундалды ойдогум (Осмонкул).
Ортого алуу — жалпы бардыгы кыстоого алуу, чогуу болушуп сөзгө алуу. Ортого салуу — 1) бар болгонун тең бөлүшүү, тең көрүү; 2) бардык болгон ишти ачык сүйлөшүү, жашырбай ачык айтуу, жалпы көпчүлүккө коюу. Орто заар к. заар III. Орто мектеп — он жылдык же он бир жылдык мектеп. Орто дыйкан к. дыйкан.
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санорто
Көптүк санортолор
Синонимдери
орточо
ортоңку
Антонимдери
чет
Жөндөлүшү - "орто"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?орто
Илик Кимдин? Эмненин?ортонун
Барыш Кимге? Эмнеге?ортого
Табыш Кимди? Эмнени?ортону
Жатыш Кимде? Эмнеде?ортодо
Чыгыш Кимде? Эмнеде?ортодон
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?ортолор
Илик Кимдердин? Эмнелердин?ортолордун
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?ортолорго
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?ортолорду
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?ортолордо
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?ортолордон

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)


Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: