Найдены по другим направлениям
-
күрөш
-
I зат. 1. Эки киши кармашып, бирин-бири жыгууга кылган аракет. Эркин күрөш. Классикалык күрөш.
2. Салгылаш, беттешкен кармаш. Уланы кетти кыргыздын Улуу майдан күрөшкө! (Осмонкул).- 2. Кандайдыр бир максатты, ишти аткаруу үчүн болгон кызуу аракет, кыймыл. Басма сөз коммунизм үчүн күрөштүн алдынкы катарында болууга тийиш («Коммунист»).
КҮРӨШ II этиш. 1. Эки киши кармашып, бири-бирин жыгууга аракет кылуу. Эки жигит күрөшүп жатса, алардын ары жагынан экөө оодарышып жүрүшөт (Жантөшев). Балбандар оодарышат, күрөшөт, аркан сүйрөшөт (Сыдыкбеков).- 2. Салгылашуу, душман менен кармашуу, беттешүү. Сен ушул биздин тоо үчүн, биздин көл, биздин жер үчүн күрөш (Сыдыкбеков). Жан аябай душмандар менен күрөшүп келебиз (Жантөшев).
- 3. Максатка жетүү үчүн аракет кылуу; бир ишти аткаруу үчүн болгон кыймылга катышуу. Күрөшүп таалай алышкан, Баатыр экен элиңер (Турусбеков).
КҮРӨШ III күрө этишинин кош мамилеси.
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
күрөш