Найдены по другим направлениям
-
күрсүлдө
-
этиш. 1. Күрс-күрс эткен дабыш чыгаруу; курс-күрс этүү, дүңкүлдөө. [Абдыракмандын] ыкшыма жөтөлү кармап узакка күрсүлдөп.. төшөккө кулады («Ала-Тоо»). [Ит] күрсүлдөп үргөн бойдон үйдү айлана берди (Аалы). Замбиректер күрсүлдөп, миномёттор ызылдайт (Жантөшев). Күрсүлдөп жерлер казылды («Эр Төштүк»). - 2. Корс, орой сүйлөө; күпүлдөп бак-бак сүйлөө. Одоно сүйлөп күрсүлдөп, Орой болбо жашыңда (Калык). Чогулуш болсо кол серпип, Күрсүлдөдүң активим (Үмөталиев).
- 3. Кайраттуу, катуу кыймылдоо. Ар кимге парс тирүүлүктө кызмат кылыш, Күрсүлдөп кээде иштегениң да дурус (Шүкүрбеков).
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
күрсүлдө