Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Мага котормо керек
КирүүКатталуу
Соц. тармактар аркылуу кирүү
<->
 
Яндекс переводчик <->
Сиздин котормолоруңуздун тарыхы:
 
 
Мурунку которуулар
Онлайн маалымат/котормолор
Online Котормочу
Найденные
Табылгандар/Натыйжа для - күбө
 

КҮБӨ

 
КҮБӨ — топоним. Көкөтөйдүн ашына чакырылган дугул элинин жери. «Күн чыгыш Күбө жери бар, Күлдү дугул эли бар» (Сагымбай Орозбаков, 3. 99).

КҮБӨ

 
КҮБӨ — жоого кийилүүчү ок өтпөс сырт кийим. К. баалуу сырт кийим катары да айтылат. К-нүн эпосто ак күбө, көк күбө, кыл күбө, күбө тон деген түрлөрү жолугат: «Ак күбө тонду кийгени, Аккула атка мингени». Көкөтөйдүн ашында Манас менен эр сайышка чыкканда Коңурбай «Темир тондун тышынан Көк күбө чопкут жамынып» (Сагымбай Орозбаков, 3. 236) чыкканы айтылат.

Күбө

 
КҮБӨ – талаш-тартышты чечүү үчүн мааниси бар же иш боюнча аныкталуучу маалыматтар менен жагдайлар белгилүү болгон жак. Жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, шек саналуучулардын, айыпталуучулардын ишке катышып жаткандыгына карабастан, мындай адамдар К. катарында суракка алынышы мүмкүн. К. катары чакырылган адам сотко келүүгө жана чын көрсөтмөлөрдү берүүгө милдеттүү. Эгер ал оорусуна, улгайгандыгына, майыптыгына же дагы башка негиздүү себептерге байланыштуу соттун чакыруусу боюнча келе албаса, К. өзүнүн турган жеринде сот тарабынан суракка алынышы мүмкүн.

күбө

 
күбө (мите)

күбө

 
күбө (кепил)
күбө болуу
күбөнаама

күбө

 
I зат. Жүнгө, жүндөн жасалган буюмдарга, кийим-кечеге, данга ж. б. зыян келтирүүчү көпөлөк курту жана анын көпөлөгү. Терини күбөдөн сактоо үчүн ящикке салынат да, арасына нафталини бар баштыкчалар кошо салынат («Айыл чарба»).
КҮБӨ II зат. 1. Окуяны, болгон ишти ж. б. өз көзү менен көргөн, билген, бир нерсенин аныктыгын же төгүндүгүн далилдей ала турган адам. Карыя чын айтат, чындыгына мен да күбө болоюн (Жантөшев).
2. Өзүнө белгилүү иштер, фактылар боюнча айтып берүү, далилдөө үчүн сотко чакырылып келинген адам.
КҮБӨ III зат. Эпостук чыгармаларда: ок өтпөс жоо кийими. Ак күбөнү жамынып, Атышар жоого камынып («Манас»). Этеги жайык көк күбө, Эр Коңурбай ушу дөө («Манас»).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санкүбө
Көптүк санкүбөлөр
Байланыштуу сөздөр
далил
күбөлүк
күбөлүү
Жөндөлүшү - "күбө"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?күбө
Илик Кимдин? Эмненин?күбөнүн
Барыш Кимге? Эмнеге?күбөгө
Табыш Кимди? Эмнени?күбөнү
Жатыш Кимде? Эмнеде?күбөдө
Чыгыш Кимде? Эмнеде?күбөдөн
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?күбөлөр
Илик Кимдердин? Эмнелердин?күбөлөрдүн
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?күбөлөргө
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?күбөлөрдү
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?күбөлөрдө
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?күбөлөрдөн

Найти все переводы слова "күбө" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "күбө"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru