Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - күбө
 

күбө

 
күбө I
моль.
күбө II
ир.
свидетель;
калптын күбөсү - өлүк погов. свидетель лжи - мёртвый (лжец предпочитает ссылаться на умерших);
күбө бол- или күбө өт- давать свидетельские показания; выступать свидетелем;
күбө сал- призывать в свидетели; выставлять свидетелем;
күбө карма- представить в качестве доказательства;
бетинин тагын күбө кармап представив в качестве доказательства синяки на лице (от побоев);
тилиңе тишиң күбө болсун! смотри, запомни свои слова!; после не отказывайся от своих слов (букв. пусть твои зубы будут свидетелем твоего языка) !;
куп эмесе, болуптур, тилиңе тишиң күбөдүр стих. хорошо, коли так, ладно, потом не отказывайся от своих слов;
кудай күбө! бог свидетель!;
бул жакшылык кылганың өз башыңа күбөдүр за это твоё доброе дело тебе воздастся.
күбө III
(или ак күбө или көк күбө или кыл күбө или күбө тон) панцирь или непроницаемый для стрелы халат (боевое одеяние эпического богатыря);
ок өтпөгөн болумдуу көк күбөнү кийгизди фольк. надел на него непроницаемый для стрелы синий күбө;
этеги жайык көк күбө, ок өтпөгөн бек күбө фольк. широкополый синий күбө, для стрел непроницаемый синий күбө;
көк күбө соот бөктөрүп, көк найзаны көтөрүп фольк. приторочив синий күбө, взяв в руку синее копьё.

күбө

 
свидетель

күбө

 
  • affiant
  • eyewitness
  • witnesser
  • КҮБӨ

     
    КҮБӨ — топоним. Көкөтөйдүн ашына чакырылган дугул элинин жери. «Күн чыгыш Күбө жери бар, Күлдү дугул эли бар» (Сагымбай Орозбаков, 3. 99).

    КҮБӨ

     
    КҮБӨ — жоого кийилүүчү ок өтпөс сырт кийим. К. баалуу сырт кийим катары да айтылат. К-нүн эпосто ак күбө, көк күбө, кыл күбө, күбө тон деген түрлөрү жолугат: «Ак күбө тонду кийгени, Аккула атка мингени». Көкөтөйдүн ашында Манас менен эр сайышка чыкканда Коңурбай «Темир тондун тышынан Көк күбө чопкут жамынып» (Сагымбай Орозбаков, 3. 236) чыкканы айтылат.

    күбө

     
    moth [мос]

    күбө

     
    [kübö]
    şahit, tanık

    Күбө

     
    КҮБӨ – талаш-тартышты чечүү үчүн мааниси бар же иш боюнча аныкталуучу маалыматтар менен жагдайлар белгилүү болгон жак. Жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, шек саналуучулардын, айыпталуучулардын ишке катышып жаткандыгына карабастан, мындай адамдар К. катарында суракка алынышы мүмкүн. К. катары чакырылган адам сотко келүүгө жана чын көрсөтмөлөрдү берүүгө милдеттүү. Эгер ал оорусуна, улгайгандыгына, майыптыгына же дагы башка негиздүү себептерге байланыштуу соттун чакыруусу боюнча келе албаса, К. өзүнүн турган жеринде сот тарабынан суракка алынышы мүмкүн.

    күбө

     
    күбө (мите)

    күбө

     
    күбө (кепил)
    күбө болуу
    күбөнаама

    Күбө

     
    Свидетель

    күбө

     
    I зат. Жүнгө, жүндөн жасалган буюмдарга, кийим-кечеге, данга ж. б. зыян келтирүүчү көпөлөк курту жана анын көпөлөгү. Терини күбөдөн сактоо үчүн ящикке салынат да, арасына нафталини бар баштыкчалар кошо салынат («Айыл чарба»).
    КҮБӨ II зат. 1. Окуяны, болгон ишти ж. б. өз көзү менен көргөн, билген, бир нерсенин аныктыгын же төгүндүгүн далилдей ала турган адам. Карыя чын айтат, чындыгына мен да күбө болоюн (Жантөшев).
    2. Өзүнө белгилүү иштер, фактылар боюнча айтып берүү, далилдөө үчүн сотко чакырылып келинген адам.
    КҮБӨ III зат. Эпостук чыгармаларда: ок өтпөс жоо кийими. Ак күбөнү жамынып, Атышар жоого камынып («Манас»). Этеги жайык көк күбө, Эр Коңурбай ушу дөө («Манас»).
    Основные характеристики
    Часть речиИмя существительное
    Ед. числокүбө
    Множ. числокүбөлөр
    Связанные слова
    далил
    күбөлүк
    күбөлүү
    Склонение по падежам - "күбө"
    Ед. число
    ПадежиЕд. число
    Именительный Кто?, Что?күбө
    Родительный Чей?күбөнүн
    Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?күбөгө
    Винительный Кого?, Что?күбөнү
    Местный Где?, У кого?күбөдө
    Исходный Где?, У кого?күбөдөн
    Множ. число
    ПадежиМнож. число
    Именительный Кто?, Что?күбөлөр
    Родительный Чьи?күбөлөрдүн
    Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?күбөлөргө
    Винительный Кого?, Что?күбөлөрдү
    Местный Где?, У кого?күбөлөрдө
    Исходный Откуда?, От кого?күбөлөрдөн


    Хотите добавить свой перевод для слово: "күбө"? Ввойти


    Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
    Language:
    Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
    Онлайн - рег.= = =
    Рейтинг@Mail.ru