Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Мага котормо керек
КирүүКатталуу
Соц. тармактар аркылуу кирүү
<->
 
Яндекс переводчик <->
Сиздин котормолоруңуздун тарыхы:
 
 
Мурунку которуулар
Онлайн маалымат/котормолор
Online Котормочу
Найденные
Табылгандар/Натыйжа для - кош
 

кош

 
кош (үй, топ)
кош арт
кош арткыз
кош башкар
кош башы (эск.)
кош-колоң

кош

 
кош (жуп)
кош айдоо (а. ч.)
кош айрык
кош аргументтүү функ циялар (мат.)
кош ат
кош атта-
кош аяк (зоол.)
кош аяк сымалдар (зоол.)
кош аякта-
кош бийлик
кош бойлуу
кош дем алуучулар (зоол.)
кош жаак капкан
кош жумуш аткаруу (ук.)
кош жуп буттуулар
(зоол.)
кош жылдыз
кош кабат
кош канаттуулар (зоол.)
кош капкалуу моллюс калар (зоол.)
кош кат (жүктүү)
кош катыш (мат.)
кош келиңиздер!
кош колдо-
кош көңүл
кош көңүлдүк
кош көңүлдүү
кош көрүү
кош кулак
кош күч (физ.)
кош мамиле (лингв.)
кош мезгилдүү функ ция (мат.)
кош номенклатура (зоол.)
кош ооз
кош процессор (комп.)
кош сөз (лингв.)
кош сөздүү
кош туздар (хим.)
кош уруктануу (биол.)
кош ууч, кочуш
кош чекит (лингв.)
кош электр катмары
кош эринчил (лингв.)
кош этек

кош

 
кош (жакшы): кош бол-,
кош келипсиздер

кош

 
кош (сырд.): кош-кош

кош-

 
кош-

Кош

 
Кош – 1. Эки түгөй, эки даана, жуп (Кыргыз тилинин түшүнд. сөздүгү. 1-том. 555-б.).

кош

 
Iзат. Убактылуу бир жерге иштегенде же жол жүрүп баратканда конгон жерге тигилген кичине үй же өзүнчө бөлүнгөн топ. Биздин коштон Султангазы, Ысак барып, көп сыйлыктар алып кайтышты (Баялинов).
КОШ II зат. 1. Эки, түгөй, эки даана, жуп. Кош ооз мылтык. Кош колдоп найза бек сайды, Кокустатам деп сайды («Эр Табылды»). Коркконго кош көрүнөт (макал).
2. Соко жана сокого чегилген өгүз, ат чогуусу менен. Жалгыз өгүз кош болбойт, Жаакташкан дос болбойт (макал). Күжүрмөн күчтүү дыйканга, Жүрүп турган кош жакшы (Жантөшев).
¨ Кош чекит к. чекит. Кош сөз — жупталып айтылган татаал сөз. Кош бойлуу же кош кабат — боюнда бар. Кош көңүл к. көңүл. Кош аяк — арткы аяктары, куйругу узун, кемирүүчүлөр отрядына кирүучү чычкан сыяктуу жаныбар.
КОШ IIIэтиш 1. Бир нерсеге кошумча кылуу, үстүнө көбөйтүү, бириктирүү. аралаштыруу. — О Урумкан эне, тур, уюңду кош! (Бейшеналиев). Кысталганда Мендиштин Акылына акыл кош (Жантөшев). Кара ниет адамды, Катарыңа кошпогун (Токтогул).
  1. 2.                  Арабага, сокого атты, өгүздү чегүү. Араба кошуп ат айдап, Кандайсың буудай тартканга (Осмонкул).
  2. 3.                  Бирөөнүн иши, кыял-жоругу, турмушу ж. б. жөнүндө жамактап айтып ырдоо, ыйлоо. Ушуларды мен кошуп, Ырдай турган чамам бар (Барпы). Султаным, атам өттү деп, Үйүңдө кошуп ким калат? (Жантөшев).

¨ Баш кошуу — 1) бирге болуу, чогулуу, биригүү; бир тилектеш, мамилелеш болуу, достошуу. Баатырлары баш кошуп, Сап-сап болуп жөнөштү («Семетей»). Бардык туугандар баш кошуп, ынтымактуу жашап калды («Жаш ленинчи»); 2) үйлөнүү, турмуш куруу. Баш кошуптур жаңыдан, Эки бирдей чырагым (Жантөшев).
КОШ IV сырд. Койду айдоодо же бир жакка кайрууда айтылуучу сөз. Адыр, белестерден «кош, кош! »— деп кыйкырган койчулардын үнүн угасың («Ала-Тоо»).
КОШ V сырд. 1. Бирөө менен коштошордо, бир жакка кайтып баратканда, айрылышарда айтылуучу сөз. — Кош, жакшы калыңыз!деп, Батый да Осмондун колун бекем кысты (Сасыкбаев).
2. Бирөөгө көңүл бөлүү, сөзүн кубаттоо, макул табуу ж. б. мааниде колдонулат. Кош, [Калыбай] сенин алты балаңдын бирөө да ишке жарабайт экен (Абдукаримов). Кош, эмне дейсиң? —деди [Сарыбай] (Абдукаримов).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санкош
Көптүк санкоштор
Синонимдери
кошто
Антонимдери
жалгыз
Жөндөлүшү - "кош"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?кош
Илик Кимдин? Эмненин?коштун
Барыш Кимге? Эмнеге?кошко
Табыш Кимди? Эмнени?кошту
Жатыш Кимде? Эмнеде?кошто
Чыгыш Кимде? Эмнеде?коштон
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?коштор
Илик Кимдердин? Эмнелердин?коштордун
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?кошторго
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?кошторду
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?коштордо
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?коштордон

Найти все переводы слова "кош" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "кош"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru