-
жеңил
-
I сын.. 1. Салмагы аз, оор эмес. Быйыл торпоктор былтыркыдан арык, салмагы да алда канча жеңил болуп чыкканына биз аябай өкүнөбүз («Ала-Тоо»). Атка жеңил тайга чак (макал). - 2. Коркунучтуу эмес, коркунучу жок, катуу эмес (мис., оору). Чочуба, Касым баатыр, менин жарам жеңил (Токобаев). Оорусу жеңил тартайын деп калды (Маликов).
- 3. Оңой, кыйын эмес, жөнөкөй. — Сиз үйлөнүүнү ошончолук жеңил нерсе деп эсептейсизби? (Каимов). Бирок менин башыман өткөн кыйынчылыктар айтууга жеңил, угууга оор (Жантөшев). Окууга жеңил китеп. Жеңил стилдеги чыгарма.
- 4. Шамдагай, баскан-турганы, кыймылы элпек. Мага караганда сен жеңил эмессиңби, жүгүрүп барып алып келе кой («Ала-Тоо»).
- 5. өт. Мүнөзү шайкелең, ойлобой иш кылган адам. Жеңил жигит. Артык жеңил, дардаңкүү, Эң эле чаңдаак жан экен («Эр Төштүк»).
¨ Жеңил өнөр жайы — кеңири керек кылынуучу буюмдарды чыгаруучу өнөр жай тармактары. Кыргызстандын жеңил өнөр жайы.. ири тармак болуп саналат («Коммунист»). Жеңил машина — жүргүнчүлөрдү, жеңил жүктөрдү ташууга арналган машина. Алыстан бир жеңил машина келе жатат (Каимов). Колу жеңил — 1) соода-сатык жайларындагы, базардагы товардан өзү сатып алгандан кийин сооданы жандандырып, артынан көбүрөөк сатып алуучуларды ээрчите ала турган адамдарга карата айтылат; 2) мууздаганда малдын жаны тез чыкпай турган болсо, аны мууздаган адам эски ишеним боюнча «колу жеңил » деп аталат; 3) эмдом, дарылоо, төрөтүү ж.б. жагынан ийгиликке ээ болуп, элдик ишенимге кирген табып, дарыкер, бала төрөтүүчү аял ж.б. айтылат. Байбиче, колуңуз жеңил эмес беле, бала тез түшүп кеткиси бардыр (Сыдыкбеков). Жеңил баа — баркы жок, кадырсыз, өйдө-төмөн ишке, майда-чуйдага орду жок киришкен, баркын кетирип алган. Болбогон ишке киришем деп, өзүн жеңил баа кылып алды («Чалкан»).
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
жеңил