Меню
Эл-Сөздүк

жеңил

жеңил (сын а.)
жеңил автомобиль
жеңил атлетика
жеңил баа
жеңил-желпи
жеңил куймалар
жеңил музыка
жеңил өнөр жай
жеңил ысуулоо
жеңил барып, оор кел

жеңил-

жеңил-

жеңил

I сын.. 1. Салмагы аз, оор эмес. Быйыл торпоктор былтыркыдан арык, салмагы да алда канча жеңил болуп чыкканына биз аябай өкүнөбүз («Ала-Тоо»). Атка жеңил тайга чак (макал).
  1. 2.           Коркунучтуу эмес, коркунучу жок, катуу эмес (мис., оору). Чочуба, Касым баатыр, менин жарам жеңил (Токобаев). Оорусу жеңил тартайын деп калды (Маликов).
  2. 3.           Оңой, кыйын эмес, жөнөкөй. — Сиз үйлөнүүнү ошончолук жеңил нерсе деп эсептейсизби? (Каимов). Бирок менин башыман өткөн кыйынчылыктар айтууга жеңил, угууга оор (Жантөшев). Окууга жеңил китеп. Жеңил стилдеги чыгарма.
  3. 4.           Шамдагай, баскан-турганы, кыймылы элпек. Мага караганда сен жеңил эмессиңби, жүгүрүп барып алып келе кой («Ала-Тоо»).
  4. 5.           өт. Мүнөзү шайкелең, ойлобой иш кылган адам. Жеңил жигит. Артык жеңил, дардаңкүү, Эң эле чаңдаак жан экен («Эр Төштүк»).

¨ Жеңил өнөр жайы — кеңири керек кылынуучу буюмдарды чыгаруучу өнөр жай тармактары. Кыргызстандын жеңил өнөр жайы.. ири тармак болуп саналат («Коммунист»). Жеңил машина — жүргүнчүлөрдү, жеңил жүктөрдү ташууга арналган машина. Алыстан бир жеңил машина келе жатат (Каимов). Колу жеңил — 1) соода-сатык жайларындагы, базардагы товардан өзү сатып алгандан кийин сооданы жандандырып, артынан көбүрөөк сатып алуучуларды ээрчите ала турган адамдарга карата айтылат; 2) мууздаганда малдын жаны тез чыкпай турган болсо, аны мууздаган адам эски ишеним боюнча «колу жеңил » деп аталат; 3) эмдом, дарылоо, төрөтүү ж.б. жагынан ийгиликке ээ болуп, элдик ишенимге кирген табып, дарыкер, бала төрөтүүчү аял ж.б. айтылат. Байбиче, колуңуз жеңил эмес беле, бала тез түшүп кеткиси бардыр (Сыдыкбеков). Жеңил баа — баркы жок, кадырсыз, өйдө-төмөн ишке, майда-чуйдага орду жок киришкен, баркын кетирип алган. Болбогон ишке киришем деп, өзүн жеңил баа кылып алды («Чалкан»).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: