-
жакын
-
такт. 1. Алыс эмес, жуук. Жакын жер. Жакын келүү. Жакын отуруп сүйлөшүү. - 2. Аз убакыт. Келерине жакын калды.
- 3. Тууган-туушкан, куда-сөөк, дос. Жалгыз аттуу кедейдин Жакыны болгон Токтогул (Барпы). Жакын талашса — жатка жем (макал).
- 4. Типтеш, тектеш, окшош, айырмасы аз. Казак тили да кыргыз тилине жакын.
- 5. Бир нерсеге шыгы бар, катышы бар. Мен башынан эле аңчылык ишине, мүнүшкөрлүк жагына жакын кишимин («Ала Тоо»).
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
жакын