-
жакындык
-
зат. 1. Арасы алыс эместик, ыраак эместик. Силерге караганда шаар бизге жакындык кылат. Мектептин жакындыгы балдарга жакшы (Сыдыкбеков). - 2. Туугандык, тууган-туушкандык, достук. Пролетариаттык жакындыктан пайда болгон сезим («САЖИ»).
- 3. Типтештик, тектеш, окшош болгондук, айырмасы аздык. Тилдердин жакындыгы. Ой-пикирлери, санаалары бири-бирине жакындык кылбаса, экөөнүн мынчалык достошуп кетиши эч мүмкүн эмес эле («Чалкан»).
- 4. Бир нерсеге шыгы бардык, шыктуулук, катышы барлык. [Аманкул].. китеп, газета, журнал менен жакындыгы жок адам (Убукеев).
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
жакындык