-
Девальвация
-
ДЕВАЛЬВАЦИЯ (лат. de – төмөндөө, ылдыйлоо, жокко чыгаруу деген кыймыл-аракетти билдирүүчү койунду жана valeo –мааниге ээ болом, наркым) – 1) дүйнөлүк акча стандартына карата улуттук валюта наркынын төмөндөп кетүүсү; 2) валютанын ырасмий курсунун түшүп кетиши; инфляциядан кийин валютаны турукташтыруу усулу: а) ачык Д. – курсу түшкөн кагаз акчаны жүгүртүүдөн алып салуу же наркы таптакыр эле түшүп калган акчаны кандайдыр бир деңгээлде алтын байланышкан курс боюнча өзүнүн наркын туруктуу сактап турган кредиттик акчага алмаштыруу; б) көмүскө Д. – баасы түшкөн кагаз акчага жараша акча бирдигинин чыныгы алтын наркынын мамлекет тарабынан төмөндөтүлүшү (мында, мурдагы кагаз акча жүгүртүүдө кала берет).
Негизги мүнөздөмөлөрү | |
---|---|
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | девальвация |
Көптүк сан | девальвациялар |
Жөндөлүшү - "девальвация"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
---|---|
Атооч Ким? Эмне? | девальвация |
Илик Кимдин? Эмненин? | девальвациянын |
Барыш Кимге? Эмнеге? | девальвацияга |
Табыш Кимди? Эмнени? | девальвацияны |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | девальвацияда |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | девальвациядан |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
---|---|
Атооч Кимдер? Эмнелер? | девальвациялар |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | девальвациялардын |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | девальвацияларга |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | девальвацияларды |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | девальвацияларда |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | девальвациялардан |
Мындан бөлөк тилдерде табылган ушундай сөздөр:
Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
девальвация