Найдены по другим направлениям
-
далы
-
зат. Арканын жогору жагындагы күң жилик менен туташкан үч бурчтуу жалпак сөөк, мүчө. Арзыкулду алаканы менен далыга чапкылап сөзүн улады (Байтемиров). Курманов буга таң калып, түшүнбөстөн далысын күйшөдү (Баялинов).
♦ Ай далы — далынын үстү. Кадим Манас сыяктуу, Ай далынын кеңдиги (Жантөшев). Кара далы кыз — турмушка чыгар маалынан өтүп калган, жашы өтүп кеткен кыз. Куу далы — далысы жабышкан арык, чабал; итий, рахит оорусу. Баласы куу далы болуптур (Сыдыкбеков). Куу далыдан кутулбастан өскөнбү, Сөөгү кыйшык, булчуңу жок сандары (Маликов). Далы ачуу — койдун далысына карап, болгон иштин алдын ала айтуу, далы менен төлгө ачуу.
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
далы