Найдены по другим направлениям
-
алакан
-
зат. 1. Колдун башынын салааларга чейинкн ички жазы жери. Мамбеткул жазы алаканы менен бырыштуу маңдайын ушалады (Абдумомунов). - 2. Камчы сапты анын өрүлгөн жагы менен бириктирип турган жазы жери.
- 3. Ууктун кереге байлана турган жагындагы жазыраак жери. Ууктун алаканы.
Алаканга салып багуу — алпечтеп, эркелетип багуу. Эл өзү алаканга салып баккан, Учурган жоо үрөйүн шеримди эстейм (Маликов). Алаканда тургандай — ачык, даана. Кур алакан же куру алакан — эч нерсеси жок, куру кол. Алакандын отундай к. от III.
Негизги мүнөздөмөлөрү | |
---|---|
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | алакан |
Көптүк сан | алакандар |
Жөндөлүшү - "алакан"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
---|---|
Атооч Ким? Эмне? | алакан |
Илик Кимдин? Эмненин? | алакандын |
Барыш Кимге? Эмнеге? | алаканга |
Табыш Кимди? Эмнени? | алаканды |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | алаканда |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | алакандан |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
---|---|
Атооч Кимдер? Эмнелер? | алакандар |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | алакандардын |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | алакандарга |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | алакандарды |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | алакандарда |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | алакандардан |
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
алакан