Меню
Эл-Сөздүк

адаш

адаш (сын а.)
адаш жол

адаш

адаш (жолдош) (диал.)

адаш

адаш (жаңыл)

адаш

этиш. 1. Багыттан, жолдон жанылып чыгып кетүү; башка жакка жаңылышып кетүү, таба албай калуу. Адашпаймын деген дал түштө адашат (макал). Биз токой арасында оңбогондой адашып жүрдүк (Жантөшев).
2. өт. Жаңылуу, терс багытка түшүү. Лениндик жарык тетө жолубуз, Элим мындан эч убакта адашпайт (Аалы).
Баш адашуу — баш катуу, эмне экенин ажырата албай калуу. Кең төрлөр, эркинче жайылган калың мал, чынын айтсам, башым адашты (Сыдыкбеков). Акылынан адашуу — далдырап, эмне кыларын билбей калуу. [Максүт] «Ана-пына» деп акылдан адашпайлы! (Турусбеков). Акылыңдан адашып, Аптыкпагын бириңер! («Эр Табылды»).

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: