Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Мага котормо керек
КирүүКатталуу
Соц. тармактар аркылуу кирүү
<->
 
Яндекс переводчик <->
Сиздин котормолоруңуздун тарыхы:
 
 
Мурунку которуулар
Онлайн маалымат/котормолор
Online Котормочу
Найденные
Табылгандар/Натыйжа для - КИЙИТ
 

КИЙИТ

 
Эки куда катташкан убактарда кийилүүчү кийим. Илгертен келе жаткан сый. Кызын берип жаткан кишилерге ыраазылык билдирүү, алардын көңүлүн алуу, жөн эле жарашпаган бир майда-чүйдө кийим-кече Менен эмес, алардын бойлоруна чак, купулуна толорлук кийим
      тигилген. Ырас, кыздын ата-энеси да жооп ирээтинде уулдун ата-энесине кийим кылышат.
      Кийит даярдоо — узчулукту билдирет. Кийитке ичик, чепкен, чапан, кемсел, бешмант, тебетей, калпак, кош этек өңдүү элдик кийимдер кирген да, алар куда-сөөктөрдүн жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша атайын арналып тигилген. Кымбат баалуу кийим «баш кийит» делген. Ал кан куда-кудагыйларга, аксакалдарга кийгизилген. Кийит үчүн эндей кездемелерди да коюшкан. Азыр даяр кийим-кечектерди сатып алууга бөтөнчө көңүл бөлүнүүдө.

кийит

 
кийит, кийити, кийитти
кийит кийгизүү (кудада)
кийит берүү

кийит

 
зат. 1. Кийим-кечелей берилген белек.
2. Кыз берип, келин алганда кудалардын бири-бирине кийгизген кийим-кечеси, буюм түрүндө берген ар кандай белектери. Кийитим деп берди эле Сегиз илбирс, бир жолборс, Алты аюунун терисин (Жантөшев).

Найти все переводы слова "КИЙИТ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "КИЙИТ"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru