-
КАЛДАЙ
-
КАЛДАЙ (кыт. колдай) — согуштук кенже наам. Манжуриядагы Цин империясынын (18—19-кылымдын башы) административдик башкаруучуларынын мансаптык наамын билдирет. «Манас» эпосунун бардык варианттарында К. негизинен кытай-калмактардын титулдук наамы жана адамдын энчилүү аты катары колдонулат. Ошондой эле мансаптык бул наам энчилүү ысым маанисинде да айтылып, эпикалык душман катарында согуштук окуяларга катышкан каарман болуп сүрөттөлөт. Мисалы, «Карыпчысын байланып, Калдай минер ат экен» (Валиханов жазып алган эпизод, «Ала-Тоо», 1979, № 7, 63-б.), «Кандырагын салынган, Калдайым келчи жаныма» (Радлов жазып алган вариант, 196). Саякбай Каралаевдин варианты нда:
Кара чоктуу калмактын
Калдайынын уулу элем
Кызыл чоктуу кытайдын,
Кыйынынын уулу элем
— деген контекстте «кара чок Калдай» — кара түстөгү мансаптык белгисин тагынып жүргөн К. аттуу терс каарман маанисинде айтылып жатат.
Э. Абдылдаев
Найдены по другим направлениям
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Мындан бөлөк тилдерде табылган ушундай сөздөр: