ЖЫЛААН БООР ӨРҮМҮ |
Ич ара салыштырып айтсак суйсал өрүмү, жылаан боор өрүмү сыяктанганы менен айырмасы үч көктү бир басып отурат да, ага алты сай түшөт. Буга 10—12—14 тал кылып тилүүбүз керек. Жылаан боор өрүмүнө 16 тал көк тилсе, сегизден экиге бөлүнөт да, экиден басылат. Эгер он эки тал көк тилинсе, ал талдар алтыдан экиге бөлүнөт. Экиден басылып бир талы — «аркак» болот. Терме өрүмү, суйсалма өрүмү, жылан бооруму 12 талдан тартып, 24 талга дейре төп басылат. Жылан боор өрүмү менен терме өрүмүнүн түшкүнү он бир тал менен бекитилет. Түшкүн — тал-тал көктүн камчы өрүмү болуп түшүшү. Айрым өрөөндөрдөгү чеберлер он бир талдан котур өрүмдү жана он алты талдан нокору өрүмдү, сегиз талдан төрт кыр кылып, камчы өрүмүн бергендер да бар. Мыкты өрүмчүлөр 16 тал көк аркылуу бир эле камчыга өрүмдүн беш түрүн: жылан боор өрүмүн, терме өрүмүн, каз таңдай өрүмүн, суйсалма өрүмүн жана жарым суйсалма өрүмүн табышмактанып кете берет. |
Найти все переводы слова "ЖЫЛААН БООР ӨРҮМҮ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "ЖЫЛААН БООР ӨРҮМҮ"?
Ввойти