Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Мага котормо керек
КирүүКатталуу
Соц. тармактар аркылуу кирүү
<->
 
Яндекс переводчик <->
Сиздин котормолоруңуздун тарыхы: кечикчү синусит
 
 
Мурунку которуулар
Онлайн маалымат/котормолор
Online Котормочу
Найденные
Табылгандар/Натыйжа для - ДӨӨТҮ
 

ДӨӨТҮ

 
Төкөр уста Бөлөкбай, Дөөтү менен дос болгон» («Сейтек»), Ал — уламыш түрүндө айтылып келе жаткан усталардын атабашы, «усталардын колдоочусу», «темир-тезектин пайгамбары», «темирчиликтин пири».
      Металлга кооздук түшүрүү көркөм кол өнөрчүлүктүн кыл чокусу делингендиктен эл арасында да ар түрдүү уламыш-болумуштар бар. Мисалы, «Дөөтүнүн кырк шекити болуптур. Дөөтү аларды өнөрдүн кырктан ашык түрүнө үйрөтмөкчү экен. Өзү кырк биринчи Дөөтү оттогу темирди кычкачсыз эле кармай турган. Бир курдай анын шакирттеринин бири «кызыл жалын темирди кармайм» — деп мактанып, «Кудайдын каарына калып», колун күйгүзүп алат. Анда Дөөтү: «Антип түк мактанууга болбойт. Итке барчы, эмне кылып жатканын көрөсүң, ошондо билесиң. Айыкканда келип узан» — дейт. Итти караса, эки колу менен эптүү кармап, сөөктү кемирип жатат. Ошондон улам алиги шекит кычкач жасап узанат.
      Дөөтү эч кимге көрүнбөй узануучу экен. Аны шекиттери (көөрүкчүлөрү) да көрүшпөйт. Күндөрдүн биринде чыдамы кыстаган көөрүкчүлөрүнүн бири дүкөндүн кичинекей жеринен тырмап тешип, жылчык чыгарып, шыкаалап караса, Дөөтүнүн колунда кызыл жалын темир. Шекитинин антип көрүп жатканын байкаган ал аны дароо «калакайлап» таштап жиберет. Анан шекитине «Ата, а, бир аз чыдай турсаң эмне, колум күйүп калбадыбы» — дейт. Көрсө, Дөөтү шакирттерине кызыл жалын темирди кычкачсыз эле кармап, кантип узануу керектигин үйрөтмөкчү экен. Аспап жасап, ошондон кийин чоктуу темирди кычкач аркылуу кармап калышыптыр.
      Эл арасында мыкты усталарды «Анын Дөөтүсү бар, Тегин уста эмес», «Дөөтүсү колдогон», «Дөөтүнүн жолун жолдогон», «Дөөтүнүн изин баскан», «Дөөтүнүн жайында жаткан» деген ишенимдер айтылат. Алар Дөөтүнүн шакирттери (шекиттери) болуп саналат.
      Айлакер усталардын өнөр дараметине адамзат баш уруп, анын өнөрүн ыраазы кылышка эч нерселерин аяшпаган. Акыйкатта, ушунун өзүндө «сырттан кандайдыр зор күч бар», «имишке» анча ишене бербегени» биз менен улуу усталардын өнөрүнө баш урабыз, таазим кылабыз, таң калабыз. Демек, Дөөтү жана Дөөтүнүн шекиттеринин бара-бара легендага айланып калуулары мына ушундай усталардын жекече касиеттеринин молдугунан болот.
      Күмүштү күлдүргөн, кара темирди камырдай жууруган усталардын ниетинде Дөөтү бөтөнчө күч катары сакталып, алар узанганда «Дөөтү кошо узанып жаткандай» туюшкан. Мындай шартта усталар күндүр-түндүр чаалыкпай чарчабай узанган — деген ишенимдер бар.
      «Дөөтүнүн кырк шекити аралашып, кармашып-термелишип, улуу устатына дайыма ич-ара акыл-кенеш берип турчу имиш. Антпесе, «уста аттуулар унутчаак, көңүлү бир жайда болбойт» — деген да уламыштар айтылат. Дөөтү кызыл чокко колун салса да күйүүчү эмес экен. Шекиттерине минтет: «Эч убакта мактанбагыла, эгер мактансаңар усталык өнөр ачылып калат да, оттогу темирди колуңар менен кармабай каласыңар» — дейт. Шекиттеринин баары устанын айткандарын эске тутушат. Ошентсе да алардын ичинен бирөөнө бир кары адам: — «Балам, усталыгың кандай, бардыгын үйрөнүп калдыңбы?» — дептир. Анда шекит ала көөдөктөнүп: «Дөөтүдөн да өтүп кеттим» — дейт. Дүкөнүн ачып, отко темир салып, көөрүгүн басып, темир кызыганда кармайын десе, колуна ысык темир жабыша түшөт. Ал ошондо гана мактангандыгын билет. Билет да: «Аттиң» — деп, оозун карманат. Ошол чакта Дөөтү бүт ааламды кыдырып, шекиттерин көрүп жүргөн кези болот. Бул шекитине кезигип: «Балам, иш кандай?» — дейт. Дөөтү уста иштин чоо-жайын айттырбай түшүнүп көздөн кайым болот.
      Бир күнү Дөөтү уста тегирменин чегип бүтүп, суу жыгайын деп жатса, чатырында бир ителги отурган болот. Дөөтүгө салам берип, келүү максатын айтат. «Сиз менен мелдешейин дедим эле. Эгер тегирмениңиздин ташын жара тээп берсем, мага алтындан текөөр салып бересизби?»— дейт. Акыры мелдеш башталат. Ителги асманга атып чыгып, типтик куушурулуп келип, тегирмендин ташын жара тээп, кайра асманга атып чыгат. Дөөтү уста ителги кайра имерилгенче ташка кадоо салып, сууну жыгып, жүргүзүп жиберет. Дөөтүнүн айлакердигине ыза болгон ителги ыйлап жиберет. Андан бери Дөөтүгө ителги кайрылып келбептир. Эгер келсе, тегирменди токтотуп, чын эле эрдигин көргөзмөк, ызасын басмак имиш. Дөөтү зергер да ушул күнгө чейин ителгини «келип калабы» деп күтүп жүргөн имиш.
      Мукамбет пайгамбарга жумура-журту жапырт даттанышат: «Дөөтү алеки саламды жоготуп жүрөбүз. Анын шекиттеринин бир да бирөө тийбейт. Узантаарга уста таппай калдык» — дешет. Анда пайгамбар: — «Уста аттуулар көмүр тепсебейт. Ким көмүр терип жүрсө, Дөөтүнүн шекйти, устанын дал өзү. Кармап алып узанта бергиле? — дептир... «Жандоочу кийик аттырат» дейт. Мыкты усталарга шекити менен көөрүкчүлөрү кеңеш берип турары шексиз. Мына ушундай касиеттер азыр да көп усталарда сезилип турат.

ДӨӨТҮ

 
ДӨӨТҮ (арабча Дауд) — мусулман мифологиясында пайгамбардын аты; кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгында темир устанын пири, усталардын колдоочусу. Д. түпкү теги библиядагы Давитке туура келет. «Манаста» чыгаан уста, өнөрпоз маанисинде да көп жолугат. Мисалы, Алмабашты жасаган Кара уста жөнүндө: «Кундагын куюп машаган, Дөөтү досу кара уста, Ошо байкуш жасаган» (Саякбай Каралаев, 1. 189), же болбосо: «Төкөр уста Бөлөкбай Дөөтү менен дос болгон» (Курама варианты, «Семетей», 4) «Дөөтү менен Бөлөкбай, Кадимкидей сүйлөшкөн» (Курама варианты, «Сейтек», 4) деген ыр саптарынан Д-нүн темир устанын пири экендиги көрүнүп турат.

дөөтү

 
дөөтү, дөөт
дөөтү колдосун
дөөтүң кут болсун
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик сандөөт
Көптүк сандөөттөр
Жөндөлүшү - "дөөт"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?дөөт
Илик Кимдин? Эмненин?дөөттүн
Барыш Кимге? Эмнеге?дөөткө
Табыш Кимди? Эмнени?дөөттү
Жатыш Кимде? Эмнеде?дөөттө
Чыгыш Кимде? Эмнеде?дөөттөн
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?дөөттөр
Илик Кимдердин? Эмнелердин?дөөттөрдүн
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?дөөттөргө
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?дөөттөрдү
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?дөөттөрдө
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?дөөттөрдөн

Найти все переводы слова "ДӨӨТҮ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "ДӨӨТҮ"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru