Menu
Эл-Сөздүк

сердце

ср.
1. анат. жүрөк;
сердце бьётся жүрөк согот;
2. перен. (центр, средоточие) жүрөк, борбор;
Москва - сердце Советского Союза Москва - Советтер Союзунун жүрөгү (борбору);
отдать своё сердце кому-л. бирөөнү сүйүп калуу;
покорить чьё-л. сердце бирөөну өзүнө тартуу, өзүн сүйдүрүү, өзүнө ашык кылуу;
сердце моё! (обращение) айланайыным!; кагылайыным!;
у него доброе сердце ал ак көңүл, ал боорукер;
у него нет сердца ал кара көңүл, кара мүртөз;
золотое сердце эң ак көңүл (жакшы, боорукер адам жөнүндө);
каменное сердце таш боор;
в сердцах разг. ачууланып, ачууланган бойдон;
всем сердцем, от всего сердца чын жүрөктөн;
от чистого сердца чын жүрөктөн;
с открытым (чистым) сердцем ачык-айрым, жашырбай;
по сердцу өтө жагат, абдан туура келет, көңүлдөгүдөй;
с сердцем (сказать, сделать) ачууланып, каарданып;
у меня сердце не лежит көңүлүм чаппайт, көңүлүм тартпайт;
сердце не на месте жүрөк ордунда эмес (тынчсыздануу, тынчы кетүү);
сердце трепещет от радости кубанычтан жүрөк алып учуп турат, кубаныч коюнга батпай турат;
сердце ноет көңүл чыдабайт, көңүл тынбайт;
у меня сердце упало жүрөгүм түштү (мен күтпөгөн жерден корктум);
иметь сердце на кого-л. бирөөгө кек сактоо, бирөөгө ачууланып "сээниби" деп жүрүү;
сорвать сердце разг. ачуусун чыгаруу;
скрепя сердце аргасыздан, кынжылып туруп, кыйылып туруп;
за сердце берёт абдан толкундантат; абдан таасир кылып, толкундантат;
принять что-л. близко к сердцу бир нерсеге көңүл буруп кайгысын тартуу;
положа руку на сердце чын айтканда, ырасын айтканда;
у меня отлегло от сердца менин санаам бир аз тынып калды.

Сердце

(анат.) жүрөк; организмде канды тынымсыз жүгүртүп туруучу орган; С. двухкамерное — эки көбөлдүү жүрөк, бир гана дүлөйдөн бир гана карынчыктан турган жүрөк; с. жаберное — бакалоор жүрөк, кээ бир айбандардын бакалоордогу кантамырлары жүрөктүн функциясын аткарышат; с. трехкамерное — үч көбөлдүү жүрөк, бир карынчык эки дүлөйдөн турган жүрөк; с. четырехкамерное — төрт көбөлдүү жүрөк, эки дүлөйдөн, эки карынчыктан турган жүрөк, жогорку даражадагы айбандардын жана кишинин жүрөгү.
Перевести через онлайн Переводчик

So following similar words is found:
strtoupper(RU)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: