-
карышкыр
-
волк (в именах личных и в качестве положительного эпитета не встречается; ср. бөрү);
миң койлууга карышкыр чапса, бир койлуу бычак алып чуркаптыр погов. на (стадо) владельца тысячи овец волк напал, а владелец одной овцы с ножом побежал (полагая, что его овцу задрал волк);
малдын ээси болсо, карышкырдын кудайы бар погов. если у скота есть хозяин, то у волка есть бог;
карышкыр ичик волчья шуба;
карышкыр-марышкыр всякие там волки и им подобные;
карышкыр сот ист. осуждение на административную высылку по "волчьему паспорту", "волчьему билету" (букв. волчий суд);
карышкыр сот кескен осуждён на высылку по "волчьему паспорту";
карышкыр соттун убагында в царские времена (букв. во время волчьего суда).
-
карышкыр
-
зат. 1. Итке окшош келген жырткыч, бөрү. Карышкыр тийди кой короого, Түн жарымы болгондо (Борбугулов).
2. өт. Зулум, алдым-жуттум, шылуун, жегич. Катылган карышкырдын көзүн ойсок (Барпы).
¨ Карышкырга кой кайтартуу — алдым-жуттумдарга, жегичтерге, шылуундарга жол берүү, иш берүү, ишке коюу. Биз көп учурда өзүбүз байкабайбыз. Карышкырга кой кайтартып койдук (Байтемиров).
So following similar words is found:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
карышкыр