-
аяз
-
аяз I
1. чистый, прозрачный, ясный;
аяз көк чистое, ясное небо;
2. мороз;
кырчылдап аяз, түнү жолдо бастым стих. я ехал ночью, когда трещал мороз;
темир аяз трескучий мороз (в первую ясную ночь после того, как выпал снег);
темир аяз бетке темир баскансыйт трескучий мороз как будто прикладывает к лицу железо;
мүйүз аяз не очень сильный мороз (следующий за темир аяз);
кийиз аяз слабый мороз.
аяз II
кривой, согнутый.
-
аяз
-
зат. 1. Таза, тунук, ачык. Аяз көк. Аяздын көркү музда бар, Алгырдын көркү кушта бар (Токтогул).
2. Бетти тызылдаткан катуу суук, ызгаар. Бийик чокулардан соккон ызгаардуу аяз чыкылдап, бети-башты жалап жуктайт (Абдумомунов).
♦ Темир аяз — чыкылдаган ызгаардуу, абдан катуу суук. — Асман айнектей болуп, жылдыз жаркырап, темир аяз болуп турган экен го? (Жантөшев). Мүйүз аяз — темир аязга караганда басаңыраак суук. Кийиз аяз — анчалык катуу эмес суук. Аяз ата — жомоктордо: ак тон кийинген ак сакалдуу абышка катарында элестетилген сууктун элеси. Келди кошо кычырап Аяз ата ак сакал (Үмөталиев).
So following similar words is found:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
аяз