Menu
Эл-Сөздүк

эрке

эрке
эрке бала
эрке-талтаң

эрке

сын. 1. Эркелеп, өз оюндагысын кылган, каалаганын иштегиси келген, обу жок чалжактаган (көбүнчө жаш балдарга жана көп эркелеген жаш аялдарга карата). Жоргонун тери кургабайт, эркенин жашы кургабайт (макал). Ажар үркүнгө чейин жаманчылык көрбөй, бир үйдүн эркеси болуп өстү (Баялинов). Эрке аял.
2. Бирөөнү жакшы көрүп эркелеткенде айтылат.
Эрке талтаң — обу жок, жөнү жок, эпсиз эрке. Жылдызкан Кумриханга окшогон эрке талтаң кыздардан тил укса да ыйлаган эмес (Байтемиров). Эрке бала — жородо, шернеде оюн-тамаша баштоого, уюштурууга дайындалган киши.

So following similar words is found:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: