Menu
Эл-Сөздүк

чабак

чабак (балык), чабагы,
чабакка
чабак ур

чабак

чабак (арабанын), чабагы, чабакка

чабак

I зат. Майда балык. Ойнобосо жаш чабак, Көлдүн көркү болобу? (Бөкөнбаев). Чабагы четте суурулуп, Балыгы тайдай туйлаган (Тоголок Молдо).
Май чабак — карп балыктарынын тукумуна кирүүчү майда балык. Ит чабак — карп балыктарынын тукумуна кирүүчү, сыртында кабырчыгы жок, жука терилүү, тузсуз сууда жашоочу майда балык. Чабак уруу — колу-буттун аракети менен сууда сүзүү. Күмүш канат балыктай, Көлгө чабак уралы. (Үмөталиев).
ЧАБАК II зат. 1. Арабанын дөңгөлөгүнүн күпчөгү менен алкагын бириктирип туруучу таякчалар.
2. Устундардын үстүнөн салынуучу туура жыгач. [Суусамырга] эки бөлмөлүү бир үй тургузуу үчүн, эң жок дегенде эки устун керек, чабактарын болсо эптеп жеткиребиз (Байтемиров).
3. Жүн сабоо үчүн колдонулуучу сабоодон ичкерээк таякча.

So following similar words is found:
strtoupper(KG)


Found words in another language:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: