Найдены по другим направлениям
-
томук
-
I зат. Кашка жилик менен жото жиликтин кошулган жеринин үстүндө, бул жиликтердин булчуңдарын бириктирип турган кичине сөөк. Чыканактай Агышты, Томукка тартып жиберди («Манас»).
♦ Томук катмай — мелдешкен эки кишинин бири томукту катып, экинчи киши качан жана кайсы жерде сураса да бере койбосо утулуп калуучу шарты бар оюн. Томук эти толуу — өсүп жетилүү, баралына келүү.
ТОМУК. II этиш. Үшүгөнүнөн көгөрүп шишип, сенейип калуу. Томуккан шадыларын эмне үчүн үйлөп калганын сезбей да калды (Аалы). Томуккан муздак колу менен эки көзүн тең укалап [Андрей] үйүнүн ордун кайра-кайра карады (Сасыкбаев).
So following similar words is found:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
томук