Меню
Эл-Сөздүк

томук

томук (зат а.), томугу, томукка

томук-

томук-, томугуп, томуккан

томук

I зат. Кашка жилик менен жото жиликтин кошулган жеринин үстүндө, бул жиликтердин булчуңдарын бириктирип турган кичине сөөк. Чыканактай Агышты, Томукка тартып жиберди («Манас»).
Томук катмай — мелдешкен эки кишинин бири томукту катып, экинчи киши качан жана кайсы жерде сураса да бере койбосо утулуп калуучу шарты бар оюн. Томук эти толуу — өсүп жетилүү, баралына келүү.
ТОМУК. II этиш. Үшүгөнүнөн көгөрүп шишип, сенейип калуу. Томуккан шадыларын эмне үчүн үйлөп калганын сезбей да калды (Аалы). Томуккан муздак колу менен эки көзүн тең укалап [Андрей] үйүнүн ордун кайра-кайра карады (Сасыкбаев).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: