мүшкүл зат. Кыйынчылык, кайгылуу, азаптуу иш, түйшүк. Экинчи мүшкүл атамдын каты (Сасыкбаев). Быйылкы кургакчылык элдин башына түшкөн өтө оор мүшкүл болду (Абдукаримов). Далай мүшкүл иштер өттү башыман (Турусбеков).