күн, күнгө күн активдүүлүгү күн активдүүлүгүнүн кайталанышы (физ.) күн алыс күн балык сымалдар (зоол.) күн батар күн батареясы күн батыш күн бою күн бузулуу күн жүрүш (түштүк) күн какты күн календары күн карама күн карама бүлбүлдөгү (а. ч.) күн кечирүү күн көр- күн көрсөтпөө күн көрүү күн мурун күн өтүү жана ысык уруу (а. ч.) күн сайын күн салгылык кылбасын күн салуу күн таажысы күн тагынын кайталанышы (физ.) күн тартиби күн тийген жердин күкүгү күн тийген жердин чоросу күн-түн теңелүү күн туруктуулугу (физ.) күн чыгыш күн шамалы (физ.) күн энергиясы (физ.) күн ядросу (физ.) күнү бою күнү бүгүн күнү бүгүнкүдөй күнү бүтүү күнү жок күнү каран болуу күнү катын күнү өтпөө күнү-түнү күнү түшүү күнү-түнү
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как күн
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
45Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 5 х 9? Ответ:
Отправить
зат.1. Жер жана башка планеталар тегерегинде айланып жүрүүчү, жылуулук, жарык таратуучу асман телосу. Чындыгында эле Күндүн жылуулугу менен жарыгы болбосо, Жердеги тиричиликтин болушу да мүмкүн эмес.
2. Эртеден кечке чейинки сутканын бир бөлүгү. Мына, күн узарып, жылуулук берди (Убукеев).
3. Сутка, 24 саатты ичине алган мезгил. Январда 31 күн бар. Ал беш күн ооруду.
4. Убакыт, мезгил, учур. Советтин бир баатыры эр Панфилов, Кеттиңиз оор күндө арабыздан(Нуркамал). Кийинки күндө [Шабыраалы] өзү да шалакы болуп кетти(Байтемиров).
5. Турмуш, тиричилик, жашоо, абал. Чыгым анда толуп кетип, Элдин күнү куурулган (Аалы). Ошонун баары жоо болсо, Ортосунда Канышай Кандай күндө калды экен («Курманбек»).
6. Календарлык дата, айдын белгилүү бир числосу; кандайдыр бир окуяга арналган дата. Аялдардын эл аралык күнүн майрамдоо («Жаш ленинчи»). Партиялык комитет айына бир жолу малчылардын күнүн өткөрөт («Советтик Кыргызстан»).
7. Аба ырайы, жаан-чачын. Күн ачык. Күн бүркөк, себелеп жаап турат (Баялинов). Күүгүм кире күн дыбырап жаап кирди (Байтемиров).
¨ Кунмурун — алдын ала, мурдатан, эрте. Жабылып жалпы журту конок алмак, Күн мурун тамак-ашын турат камдап (Маликов). Күнү-түнүжекүндүр-түндүр — күндүз да, түндө да, кайсы учурда болбосун. Эсимден чыкпайт күн-түнү, Эжеден туулган бала деп (Үсөнбаев). Рудольфтун жаш кыялы алып учуп, күндүр-түндүр ойлогону орус эли, орус жумушчулары (Баялинов). Күнкактыболуу — жайлоого же эркин коё берилбей, ишке чегилүү (көбүнчө жылкы жөнүндө). Сенин күн какты болгон аттарың Күндүк жолго жарабас (Осмонкул). Жумушкүнү — ишти, кызматты аткарууга белгиленген белгилүү убакыт, саат. Жумуш күнү аяктап баратты (Каимов). Күнкөрүү — жашоо, турмуш өткөрүү, оокат-тиричилик кылуу. Сүйбөгөнүң менен, анын үстүнө апсыйган картаң чал менен кантип күн көрүүгө болот? (Абдукаримов). Күнкөрсөтпөө — кордук көрсөтүү, өз жайына койбоо, үстөмдүк кылып алуу, чоңдук кылуу. Балдарынынкүнүнкөрүү — балдарынын жыргалын, ыракатын, пайдасын көрүү. Багыңды коргоп жоо сайган Балдарыңдын күнүн көр (Үмөталиев). Ай-күнүнөжетүү — төрөтүнө жакын калуу, убактысы жетүү. Ай-күнүнө жетип турган келинчеги Айганыш.. кыз-келиндердин катарында тамылжып олтурат (Сыдыкбеков). Күнүтүшүү — оор, кыйын абалда, шартта калуу; оор турмушка, кыйынчылыкка дуушар болуу. Ат башына күн түшсө, ооздугу менен суу ичет, Эр башына күн түшсө, өтүгү менен суу кечет (макал). Бирөөгөжебирнерсегекүнсалуужекүнүкалуу — бирөөнүн көзүн кароо; бирөөгө, кандайдыр бир шартка көз каранды болуу. Кишиге салган күн курусун, көзүн караган сайын адамды күңкор кылып жиберет (Жантөшев). Дөдөйгө күн салгылык кылбасын (Байтемиров). Башынакаранкүнтүшүүжекүнүкаранболуу — чоң кайгыга, бакытсыздыкка, азапка, кыйынчылыкка дуушар болуу. Башына каран күн түшкөн Сансыздын алачыгы күндөгүсүнөн беш бетер шүмүрөйгөнсүп турат (Жантөшев). Эгер бул агабыз болбогондо күнүбүз каран болот эле (Жантөшев). Каранкүнжекокуйкүн! — кайгырганда, өтө чочуганда, корккондо, катуу нааразылыгын билдиргенде айтылуучу сөз. Эмне дейт, каран күн, кудай ? А, кокуй күн, дагы эмне болуп кетти! Күнүтуу — ойдогусундай, каалаганындай шарт пайда болуу, тилеги орундалуу. Күнүм тууду, өкмөткө мен курман, Менде жоктун баарын берди өзүмө (Аалы). Күнүбүгүнкүдөй — ошол бойдон, өзгөрбөгөн, бир калыпта, жаңы бойдон. Уялары күнү бүгүнкүдөй (Жантөшев). Күнүбүгүнжекүнүбүгүнгөчейин — азыр да, ушул убакка чейин. Бул зулумдардын таягынын заары күнү бүгүнгө чейин сөөк-саагымды сыздатып жүрөт (Абдукаримов). Күнкарама — 1) даны кабыкчанын ичинде боло турган, чоң сары топ гүлү көбүнчө күн тарапты багыт алып туруучу техникалык өсүмдүк. Толгон айдай күн карама жылмаят, Адатынча күндү карап күндөгү (Аалы); 2) өң карама, кошоматчы, күчтүүрөөк болуп бараткан кишинин, тараптын сөзүн сүйлөгөн.
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как күн
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
14Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 7 + 7? Ответ:
Отправить