Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - күн
 

күн

 
1. солнце;
күн чыкты солнце взошло;
күн чыгыш
1) восход солнца;
2) восток;
күн чыга или күн тие с восходом солнца; ранним утром;
күн чыгардын алдында перед восходом солнца;
күн батты солнце зашло;
күн баткандан кийин после захода солнца;
күн кызылын ала батты примета солнце село, захватив свою красноту (т.е. закат был чистым, что предвещает хорошую погоду);
күн батыш
1) заход солнца;
2) запад;
күн жак или күн жүрүш или күн жүрүш жагы юг;
күн жүрүштө на юге;
күн жүрүш жактан с южной стороны;
күн тоо-тоонун башына тие когда солнце только-только ещё касается верхушек гор;
күн абада толгондо, түш абыдан болгондо фольк. когда солнце в небе станет полным, когда наступит точно полдень;
күн тийбес жер место, куда не доходят солнечные лучи;
күн тийбес жерге бактырып фольк. заботясь и лелея (букв. воспитывая там, куда солнце не попадает);
күн тийген жердин баарысы весь мир;
2. день;
күн өттү - иш бүттү день прошёл - и хорошо (букв. день прошёл - дело кончилось);
эки күн два дня;
эки күнү в течение двух дней;
отуз күнү в течение тридцати дней;
бул күнү в этот день;
биз үчүн кырк күнү той бер жана кырк күнү оюн кылгын фольк. устрой нам пир на сорок дней и игры на сорок дней;
он төртү күнү четырнадцатого числа;
экиси күнү жөнөймүн я отправлюсь второго числа;
ошол эле күнү в тот же день;
мындан төрт күнү илгери четыре дня тому назад;
күнү бүгүн вот сегодня;
күнү бугүн да даже и сегодня; и по сей день;
күнү бүгүнгө чейин вплоть до сего дня;
күнү бүгүнкүдөй
1) как сегодняшний;
2) перен. свеженький;
күнү кечээ вчера; именно вчера;
кечээ гана күнү только вчера; не дальше как вчера;
оң күн счастливый день; день, предвещающий удачу;
улуу күн или чоң күн великий день (пятница);
атка минип оң күнү, аттаныпсыз чоң күнү фольк. сев на коня в счастливый день, ты двинулся в путь в великий день;
жума күн
1) пятница;
2) перен. то же, что жуманын кадыр түнү (см. кадыр I);
бир күнү или бир күн или күндөрдүн бир күнүндө однажды, в один прекрасный день;
качсак да, бир күн өлөбүз фольк. хотя и убежим, (всё равно) когда-нибудь умрём (трусость не даст вечной жизни);
күнүгө или күндө каждый день, ежедневно;
күнүнө на каждый день;
козу ордуна союшу күнүнө бирден тай болчу фольк. на убоину на каждый день вместо ягнёнка был жеребёнок;
күнү-түнү или күнү-түн или күн-түнү или южн. түн-күн или күндүр-түндүр днём и ночью, днями и ночами, круглые сутки;
күнү-түндүк өмүр жизнь за одни сутки;
баш күндөн или баш күнтөдөн с давних времён, издревле;
чын баатырдын адаты, баш күндөн келген санаты фольк. (это) обычай истинного богатыря, издревле идущий пример;
күнүн в течение одного дня;
күнүн барып, күнүн келет он в один день съездит (поедет и возвратится);
Ошко күнүн барып келиш кыйын в Ош трудно за один день обернуться (поехать и возвратиться в тот же день);
кысырактын кырк байтал, күнүн баарын сойдурду фольк. он приказал в один день зарезать сорок яловых кобылиц;
жыл маалына күн жетти исполнился год;
күндөн күнгө с каждым днём; что ни день, то...;
эмгек күнү трудодень;
жумуш күнү рабочий день;
адам күнү человекодень;
3. время, времена; эпоха;
күнүндө күркүрөгөн в своё время он гремел (был славен);
күн кетип калды южн. время прошло;
4. погода;
күн ачык погода ясная;
күн жаап турат идёт дождь;
күн бүркөлүп, ачылып турат переменная облачность;
мезгил-мезгили менен күн жаайт временами осадки;
күн селдеди дождь немного утих;
мезгил - кыш, күн - аяздуу время зимнее, погода морозная;
5. (ср. өмүр I оокат, тиричилик, турмуш) жизнь;
балыктын күнү көл менен, жигиттин күнү эл менен погов. жизнь рыбы (связана) с озером, жизнь молодца - с народом;
күнү бүтүп, суусу түгөндү его дни сочтены;
жетимчилик күнүн өз башынан кечирген он испытал муки сиротской жизни;
күн көр- жить, существовать;
күнүмдү көрбөй калайын! чтоб мне не видеть солнца (если я...) !;
өз күнүн өзү көргөн он жил самостоятельно; он от других не зависел;
өз күндөрүн өздөрү көрүп жүрүштү они сами находили себе пропитание; они не были на чьём-л. иждивении;
өлбөстүн күнүн көрүп жүрөт он с голода не умирает, но и сыт не бывает;
көрөр күнү или көрөйүн деген күнү предстоящая ему жизнь; то, что ему придётся испытать в жизни;
менин дагы көрөйүн деген күнүм бар мне тоже хочется ещё пожить на белом свете;
көрөр күнүм, ичер суум бар экен я, оказывается, ещё поживу на белом свете;
көрөр күнүн көрө албай, көмүлүп жатып калат фольк. он не проживёт определённого ему века, будет похоронен;
көрөр күнүң ушул вот это твоя участь (на другую не надейся);
менсиз көрөр күнү жок без меня он не может существовать;
күн көрсөт- дать возможность жить;
ал сага күн көрсөтпөйт он тебе не даст жить, он тебя со свету сживёт;
күн өт- или күн өткөр- жить, проводить жизнь;
кез келген жерде күн өттүм я жил где попало;
чала тоют күн өткөрүп ведя полуголодное существование;
күн тартиби повестка дня;
күн тартибине коюлду поставлено на повестку дня;
күндөгүдөй как всегда, как обычно;
күндөгүдөй үйлөрүнө тынч алып отура алышкан жок они не могли спокойно, как всегда, сидеть дома;
күнүң тууду твоё солнце взошло; пришло твоё время (наслаждаться, быть счастливым); пришло твоё счастье;
ал убакта күчтүүнүн күнү тууп, карылуунун карды тоюучу то были времена (экономически) сильных, сыты были могущественные;
эл башына күн тууса, эл жараткан эр келет фольк. когда наступает счастливое для народа время, появляется молодец по нраву народу (т.е. героя порождает время);
күн өтүп кетти поразил солнечный удар;
күн какты изнурена, истощена (от. жары, гл. обр. о лошади);
күн сал- мечтать о чём-л.;
күлүккө күн салгыча, байталга бак берсин погов. чем мечтать о скакуне, лучше пожелать кобыле счастья (т. е чем увлекаться одним скакуном, лучше следить за всем табуном);
күн салдыр- или күн салгыз- быть поставленным в зависимость от кого-чего-л.;
сага күн салдырып (или салгызып) койдум я поставлен в зависимость от тебя;
андай болбогон күндө в противном случае;
күн карама
1) (южн. күн батыш) подсолнечник;
2) двуличный;
күнү кеткен
1) разорившийся, обедневший;
2) потерявший положение в обществе;
күндүн чыкканы менен батканындай не подлежит никакому сомнению (букв. как восход и заход солнца);
күнүн көр- пользоваться благами чего-л.;
малдын күнүн көрүп жатам я живу тем, что мне даёт скот;
аттын күнүн ал көрдү конём пользовался он (получал от коня выгоду);
күмүштү жыйган сен болдуң, күнүн көрдү алты арам фольк. серебро накопил ты, а благами его воспользовались шесть негодяев;
балаңдын күнүн ким көрөт? кому на радость будет твой сын?
балдарыңыздын күнүн көрүңүз живите вашими детьми (живите всем тем, что они вам доставляют);
көрөр күнүм ласк. (к ребёнку) солнышко моё, надежда моя;
иий, күнүңдү көрөйүн! ласк. (к ребёнку) ой, радость ты моя!;
катуу айтып жиберген күндөрүм да болот случается и со мной, что я грубо скажу;
күлө, турган күн барбы! где же там смеяться!; до смеха ли!;
күндөн калды он подавлен; он в подавленном настроении;
күнү түштү с дат. п. он стал нуждаться в..., он попал в зависимость от...;
күнүң түшпөйт элекке стих. ты не будешь зависеть от сита (не будет нужды просеивать);
күнүбүз ошого эле түшүп калган жок свет на нём не клином сошёлся; он не свет в окошке;
башына күн түштү на него свалилась беда;
ат башына күн түшсө, ооздугу менен суу ичет; эр башына күн түшсө, өтүгү менен суу кечет погов. свалится беда на коня, он с удилами воду пьёт; свалится на молодца беда, он через воду в сапогах переходит (разнуздывать некогда, снимать сапоги некогда);
кайра жаар күн болуп фольк. (о богатыре) с грозным видом;
дүйнө күн! (или дүйнөгүн!) увы!, как жаль!;
моминтип калдым, дүйнөгүн! стих. увы! я остался в таком вот положении!;
күндүн кызылы лучи заходящего солнца;
күндүн кызылы менен батсын! проклятие чтоб не дожить ему до ночи!;
тан күнү см. таң I;
таңда күнү см. таңда;
күндүн мурду см. мурун I;
демейки күн см. демейки;
каран күн см. каран II 1;
айы-күнү см. ай I;
аттуу күн см. аттуу I.

күн

 
  • день
  • солнце
  • күн

     
  • day
  • days
  • sun
  • suns
  • күн

     
    day [дэй];
    sun [сан]

    күн

     
    [kün]
    1. gün;
    2. gün, güneş

    күн

     
    gün, güneş, güneş ışığı; gündüz.

    күн

     
    күн, күнгө
    күн активдүүлүгү
    күн активдүүлүгүнүн кайталанышы (физ.)
    күн алыс
    күн балык сымалдар (зоол.)
    күн батар
    күн батареясы
    күн батыш
    күн бою
    күн бузулуу
    күн жүрүш (түштүк)
    күн какты
    күн календары
    күн карама
    күн карама бүлбүлдөгү
    (а. ч.)
    күн кечирүү
    күн көр-
    күн көрсөтпөө
    күн көрүү
    күн мурун
    күн өтүү жана ысык уруу
    (а. ч.)
    күн сайын
    күн салгылык кылбасын
    күн салуу
    күн таажысы
    күн тагынын кайталанышы (физ.)
    күн тартиби
    күн тийген жердин күкүгү
    күн тийген жердин чоросу
    күн-түн теңелүү
    күн туруктуулугу (физ.)
    күн чыгыш
    күн шамалы (физ.)
    күн энергиясы (физ.)
    күн ядросу (физ.)
    күнү бою
    күнү бүгүн
    күнү бүгүнкүдөй
    күнү бүтүү
    күнү жок
    күнү каран болуу
    күнү катын
    күнү өтпөө
    күнү-түнү
    күнү түшүү
    күнү-түнү

    күн

     
    зат. 1. Жер жана башка планеталар тегерегинде айланып жүрүүчү, жылуулук, жарык таратуучу асман телосу. Чындыгында эле Күндүн жылуулугу менен жарыгы болбосо, Жердеги тиричиликтин болушу да мүмкүн эмес.
    1. 2.                  Эртеден кечке чейинки сутканын бир бөлүгү. Мына, күн узарып, жылуулук берди (Убукеев).
    2. 3.                  Сутка, 24 саатты ичине алган мезгил. Январда 31 күн бар. Ал беш күн ооруду.
    3. 4.                  Убакыт, мезгил, учур. Советтин бир баатыры эр Панфилов, Кеттиңиз оор күндө арабыздан (Нуркамал). Кийинки күндө [Шабыраалы] өзү да шалакы болуп кетти (Байтемиров).
    4. 5.                  Турмуш, тиричилик, жашоо, абал. Чыгым анда толуп кетип, Элдин күнү куурулган (Аалы). Ошонун баары жоо болсо, Ортосунда Канышай Кандай күндө калды экен («Курманбек»).
    5. 6.                  Календарлык дата, айдын белгилүү бир числосу; кандайдыр бир окуяга арналган дата. Аялдардын эл аралык күнүн майрамдоо («Жаш ленинчи»). Партиялык комитет айына бир жолу малчылардын күнүн өткөрөт («Советтик Кыргызстан»).
    6. 7.                  Аба ырайы, жаан-чачын. Күн ачык. Күн бүркөк, себелеп жаап турат (Баялинов). Күүгүм кире күн дыбырап жаап кирди (Байтемиров).

    ¨ Кун мурун — алдын ала, мурдатан, эрте. Жабылып жалпы журту конок алмак, Күн мурун тамак-ашын турат камдап (Маликов). Күнү-түнү же күндүр-түндүр — күндүз да, түндө да, кайсы учурда болбосун. Эсимден чыкпайт күн-түнү, Эжеден туулган бала деп (Үсөнбаев). Рудольфтун жаш кыялы алып учуп, күндүр-түндүр ойлогону орус эли, орус жумушчулары (Баялинов). Күн какты болуу — жайлоого же эркин коё берилбей, ишке чегилүү (көбүнчө жылкы жөнүндө). Сенин күн какты болгон аттарың Күндүк жолго жарабас (Осмонкул). Жумуш күнү — ишти, кызматты аткарууга белгиленген белгилүү убакыт, саат. Жумуш күнү аяктап баратты (Каимов). Күн көрүү — жашоо, турмуш өткөрүү, оокат-тиричилик кылуу. Сүйбөгөнүң менен, анын үстүнө апсыйган картаң чал менен кантип күн көрүүгө болот? (Абдукаримов). Күн көрсөтпөө — кордук көрсөтүү, өз жайына койбоо, үстөмдүк кылып алуу, чоңдук кылуу. Балдарынын күнүн көрүү — балдарынын жыргалын, ыракатын, пайдасын көрүү. Багыңды коргоп жоо сайган Балдарыңдын күнүн көр (Үмөталиев). Ай-күнүнө жетүү — төрөтүнө жакын калуу, убактысы жетүү. Ай-күнүнө жетип турган келинчеги Айганыш.. кыз-келиндердин катарында тамылжып олтурат (Сыдыкбеков). Күнү түшүү — оор, кыйын абалда, шартта калуу; оор турмушка, кыйынчылыкка дуушар болуу. Ат башына күн түшсө, ооздугу менен суу ичет, Эр башына күн түшсө, өтүгү менен суу кечет (макал). Бирөөгө же бир нерсеге күн салуу же күнү калуу — бирөөнүн көзүн кароо; бирөөгө, кандайдыр бир шартка көз каранды болуу. Кишиге салган күн курусун, көзүн караган сайын адамды күңкор кылып жиберет (Жантөшев). Дөдөйгө күн салгылык кылбасын (Байтемиров). Башына каран күн түшүү же күнү каран болуу — чоң кайгыга, бакытсыздыкка, азапка, кыйынчылыкка дуушар болуу. Башына каран күн түшкөн Сансыздын алачыгы күндөгүсүнөн беш бетер шүмүрөйгөнсүп турат (Жантөшев). Эгер бул агабыз болбогондо күнүбүз каран болот эле (Жантөшев). Каран күн же кокуй күн! — кайгырганда, өтө чочуганда, корккондо, катуу нааразылыгын билдиргенде айтылуучу сөз. Эмне дейт, каран күн, кудай ? А, кокуй күн, дагы эмне болуп кетти! Күнү туу — ойдогусундай, каалаганындай шарт пайда болуу, тилеги орундалуу. Күнүм тууду, өкмөткө мен курман, Менде жоктун баарын берди өзүмө (Аалы). Күнү бүгүнкүдөй — ошол бойдон, өзгөрбөгөн, бир калыпта, жаңы бойдон. Уялары күнү бүгүнкүдөй (Жантөшев). Күнү бүгүн же күнү бүгүнгө чейин — азыр да, ушул убакка чейин. Бул зулумдардын таягынын заары күнү бүгүнгө чейин сөөк-саагымды сыздатып жүрөт (Абдукаримов). Күн карама — 1) даны кабыкчанын ичинде боло турган, чоң сары топ гүлү көбүнчө күн тарапты багыт алып туруучу техникалык өсүмдүк. Толгон айдай күн карама жылмаят, Адатынча күндү карап күндөгү (Аалы); 2) өң карама, кошоматчы, күчтүүрөөк болуп бараткан кишинин, тараптын сөзүн сүйлөгөн.
    Основные характеристики
    Часть речиИмя существительное
    Ед. числокүн
    Множ. числокүндөр
    Антонимы
    караңгы
    ай
    Склонение по падежам - "күн"
    Ед. число
    ПадежиЕд. число
    Именительный Кто?, Что?күн
    Родительный Чей?күндүн
    Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?күнгө
    Винительный Кого?, Что?күндү
    Местный Где?, У кого?күндө
    Исходный Где?, У кого?күндөн
    Множ. число
    ПадежиМнож. число
    Именительный Кто?, Что?күндөр
    Родительный Чьи?күндөрдүн
    Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?күндөргө
    Винительный Кого?, Что?күндөрдү
    Местный Где?, У кого?күндөрдө
    Исходный Откуда?, От кого?күндөрдөн


    Хотите добавить свой перевод для слово: "күн"? Ввойти


    Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
    Language:
    Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
    Онлайн - рег.= = =
    Рейтинг@Mail.ru