-
жашы
-
этиш. 1. Ыйлагысы келүү, ыйлап жибере жаздоо, бошоп, зээни кейип, көзүнө жаш алып жиберүү. Бала кезде ырдасам, Бардык адам жашыган (Токтогул). Баланы көргөндө жүрөгүм элжиреп, ого бетер жашып кеттим (Абдукаримов). - 2. Бүткөн бою бошоп, алсырай түшүү, ымшуу. Үч күндөн бери алым кетип, алка-шалка түшүп тердеп, этим жашыйт, басууга каруум жок («Ала-Тоо»).
- 3. Даамы жок болуу, оозго даамы келбөө (кыйналып өлгөн же кыйнап союлган малдын эти жөнүндө). Эти жашып калыптыр. Жашыган эт.
- 4. Отко салып ысытуу аркылуу кыпкызыл болуп жумшарган абалга келүү, усталар узанууга ылайыкталуу (темир жана андан башка металлдар жөнүндө); отко салуудан курчу кетип, жумшарып калуу, жашык абалга келүү (темир жана темирден жасалган ар кандай куралдар, буюмдар жөнүндө).
So following similar words is found:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
жашы