Найдены по другим направлениям
-
дыйкан
-
зат. Эгин, бакча ж.б. өстүрүп асыроочу, дыйканчылык кесибиндеги адам. Дыйкандын көркү жер менен (Токтогул). Күжүрмөн күчтүү дыйканга, Жүрүп турган кош жакшы (Жантөшев).
♦ Орто дыйкан — менчигинде бир аз жери бар, киши күчүнөн пайдаланбаган, чарбасы, мүлкү жагынан кедей дыйкан менен кулактын ортосундагы абалда болгон дыйкан. Баба дыйкан к. баба. Акылга дыйкан — акылга бай, даанышман. Атка чапчу бала элең, Акылга дыйкан жан элең («Семетей»). Өзү токтоо, акылга дыйкан адам (Сыдыкбеков).
So following similar words is found:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
дыйкан