дабыш зат. Угуу органдары аркылуу сезилген, кабыл алынган ар кандай үн, добуш. Шырт эткен дабыш жок (Абдукаримов). Эшиктен түрсүлдөгөн аттын дабышы чыкты (Байтемиров). —О, үйдө жылкычылардан барбы? — деген тыштан дабыш чыкты (Жантөшев).